Улутстаткомдо салтанаттуу чогулуш болуп өттү

Басылмалардын датасы: 02.06.2017


Бүгүн, 2-июньда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин чон залында, Улутстаткомдун Башкы эсептөө борборунун түзүлгөнүнө 60 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу чогулуш болуп өттү.

    Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Башкы эсептөө борборунун түзүлгөнүнө 60 жылдык мааракесине карата эмгек жамаатын майрамы менен куттуктап, Улутстаткомдун администрациясынын, Башкы эсептөө борборунун, Мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин жана коомдук тейлөөнүн кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин  жетекчилери чыгып сүйлөштү.

Улутстаткомдун Башкы эсептөө борборунда ак эмгеги жана жемиштүү ишмердиги үчүн жана жамааттын коомдук турумушунда активдүү катышкандыгы жана ар кандай иш чараларды уюштурууга чыгармачыл колдоолору үчүн, айрым кызматкерлер, мекемелик сыйлыктар, грамоталар жана Мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин жана коомдук тейлөөнүн кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланышты. 

Башкы эсептөө борбору


Акыркы жаңылоо: 02.06.2017, 12:04