Улутстаткомдо 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиянын жыйыны болуп өттү

Басылмалардын датасы: 26.01.2024


Бүгүн, 2024-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде 2023-жылдагы статистика органдарынын иштеринин жыйынтыгы жана 2024-жылга карата милдеттери боюнча коллегиянын кеңейтилген жыйыны болуп өттү.

Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов жыйынды ачып, Улутстаткомдун жана анын аймактык органдарынын ишмердигин оң жана натыйжалуу деп мүнөздөдү. Ошону менен бирге Бактыбек Кудайбергенов статистика органдарына ишканаларды эсепке алуу менен камтууну жогорулатуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча иштерди күчөтүү керек экендигин белгиледи.

Ошондой эле төраганын орун басарлары, ведомстволук жана аймактык статистика органдарынын жетекчилери баяндама жасашты. Жыйында статистикалык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана жайылтуунун жүрүшүндө статистика кызматкерлери кабылган көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Коллегиянын ишинин жыйынтыгы менен кемчиликтерди жоюуга жана статистика органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, Улутстаткомдун жетекчилиги, ошондой эле ведомстволук жана аймактык статистика органдарынын жетекчилери катышты.

Маалымдама: 2023-жылы Кыргыз Республикасынын жана анын региондорунун социалдык-экономикалык абалы жалпысынан негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшү менен мүнөздөлдү.

2023-жылдын жыйынтыгы менен ички дүң продуктунун көлөмү алдын-ала баалоо боюнча 1,2 триллион сомдон ашып, 2022-жылдын январь-декабрына салыштырганда 6,2 пайызга көбөйгөн.

2023-жылдагы статистикалык программа толугу менен аткарылды. 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын расмий статистикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасында каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

ИДПнын темпине, көлөмүнө жана түзүмүнө таасирин тийгизүүчү УЭТ-2008дин көрсөткүчтөрү боюнча 2019-жылдан тартып 2023-жылга чейинки динамикалык катарлар кайра саналды (өндүрүштүк ыкма менен), УЭТ-2008ге ылайык 2019-жылдан тартып 2023-жылга чейинки ИДПнын көрсөткүчтөрүнө акыркы пайдалануу ыкмасы менен ретроспективдүү кайра эсептөөлөр аткарылды.


Акыркы жаңылоо: 27.01.2024, 17:00