Республикада санариптик технологияларды колдонууда, билим берүү чөйрөсү алдыңкы орунда

Басылмалардын датасы: 31.10.2022


Улутстатком тарабынан 2021-жылы жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча 21 миң чарба жүргүзүүчү субъекттин ичинен 12 миңден ашыгы, же 54 пайыздан ашыгы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) практикалык ишмердигинде колдонушту.

МКТны колдонгон ишканалардын жана уюмдардын басымдуу үлүшү билим берүү чөйрөсүнүн уюмдарына – 32 пайызы, мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, милдеттүү социалдык камсыздоо уюмдарына – 12, дүң жана чекене соодага, ошондой эле автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоого – 9 пайызы туура келет.

2021-жылы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча маалыматтык коммуникациялык технологияларды пайдаланган ишканалар жана уюмдар

2021-жылы жеке компьютерлердин жалпы санынын ичинен 82 миңден ашыгы, же болбосо 33 пайызы билим берүү чөйрөсүндө ишмердигин жүргүзүүчү чарбалык субъекттерге туура келди.

Билим берүү чөйрөсүндө ишмердигин жүргүзүүчү чарбалык субъекттерде колдонулуучу оргтехниканын (сканерлердин, планшеттердин, принтерлердин) саны 2021-жылы 22 миңден ашты же болбосо оргтехника кражаттарын колдонуучуладын жалпы санынын 25 пайызын түздү.

Ишканалардагы  жана  уюмдардагы жеке компьютерлер  жана иш техника каражаттары

 

2017

2018

2019

2020

2021

 

Бардыгы

Жеке компьютерлербардыгы

190 300

203 315

221 548

222 589

247 090

анын ичинен

 

 

 

 

 

билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдарда

63 109

68 623

73 054

76 373

82 294

 

 

 

 

 

 

Иш техника каражаттары- бардыгы

72 052

76 080

80 605

82 609

88 646

анын ичинен

 

 

 

 

 

билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдарда

18 583

19 561

20 078

21 096

22 314

 

Жыйынтыкка карата пайыз менен

Жеке компьютерлер – бардыгы

100

100

100

100

100

анын ичинен

 

 

 

 

 

билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдарда

33,2

33,8

33,0

34,3

33,3

 

 

 

 

 

 

Иш техника каражаттары - бардыгы

100

100

100

100

100

анын ичинен

 

 

 

 

 

билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдарда

25,8

25,7

24,9

25,5

25,2

2021-жылы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө 20 миң адис ишке орношсо, андан 4 миңден ашыгы (22 пайызы) билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдарда ишмердигин жүргүзүштү. Республика боюнча мындай адистердин эң көп үлүшү Бишкек шаарына (жалпы сандын 35,6 пайызы) болсо, ал эми эң төмөнкүсү Нарын облусуна ( 1,2 пайызга) туура келди.

 

Керектөө рыногу, МКТ жана туризм статистикасы башкармалыгы|e-mail:ltekeeva@stat.kg |тел. + 996 (312) 324725, 664166
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 31.10.2022, 17:30