Республикада көмүрдүн баасы ноябрга салыштырмалуу дээрлик 6 пайызга төмөндөдү

Басылмалардын датасы: 10.12.2021


Көмүрдүн чекене баалары республика боюнча 2021-жылдын 10 декабрына карата үстүбүздөгү  жылдын ноябрына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда 5,9 пайызга төмөндөп, бир тонна  5 342,8 сомду түздү.

Көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 7 989,6 сом), Баткен (бир тонна  үчүн – 7 969,9 сом) жана Кербен (бир тонна үчүн – 7 824,6 сом) шаарларында катталды, муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн -  3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 049,7 сом), Нарын (бир тонна үчүн – 4 449,7 сом)  жана Токмок шаарларында (бир тонна үчүн – 4 598,9 сом) болгону байкалды.

Көмүргө карата баалар үстүбүздөгү жылдын декабрында ноябрь айына  салыштырмалуу Кербен– тоннасы 1 825,4 сомго же 30,4 пайызга, Жалал-Абад – тоннасы 333,5 сомго же 4,7 пайызга, жана Покровка айылында  - тоннасы 300 сомго же 5,5 пайызга  бир кыйла  өсүшү белгиленди.

Ошол эле учурда ноябрь айына салыштырмалуу Исфана (бир тонна үчүн – 1 871,6 сом), Баткен  (бир тонна үчүн – 1 748,9 сом),  Ноокат (бир тонна үчүн – 1 428,5 сом) жана Токтогул (бир тонна үчүн – 906,2 сом)   шаарларында баанын төмөндөшүн байкоого болот. 

2021-жылы көмүрдүн  орточо керектөөчү баалары айрым калк жашоочу пункттарында   

  (бир тонна, сом)

 

 

 

Ноябрь

 

10-декабрга

Четтөө:

Өсүү (+), төмөндөө (-)

(2021ж. 10-декабры  2021ж.-ноябрына)

Кыргыз Республикасы

5 677,0

5 342,8

-334,3

 Каракол ш.

6 334,6

6 325,7

-8,9

 Балыкчы ш.

4 049,7

4 049,7

0,0

 Кербен ш.

5 999,2

7 824,6

1 825,4

 Токтогул ш.

7 395,1

6 488,9

-906,2

 Жалал- Абад ш.

7 054,0

7 387,5

333,5

 Чаек а., Жумгал району

3 000,0

3 000,0

0,0

 Нарын ш.

4 500,0

4 449,7

-50,3

 Исфана ш.

9 117,3

7 245,7

-1 871,6

 Баткен ш.

9 718,8

7 969,9

-1 748,9

 Кара-Суу ш.

7 000,0

7 000,0

0,0

 Ноокат ш.

9 418,1

7 989,6

-1 428,5

 Өзген ш.

6 246,7

5 863,6

-383,1

 Покровка а., Манас району

5 500,0

5 800,0

300,0

 Талас ш.

7 232,7

6 727,6

-505,2

 Кара-Балта ш.

4 500,0

4 660,8

160,8

 Токмок ш.

4 647,6

4 598,9

-48,7

 Бишкек ш.

5 039,4

4 638,0

-401,4

 Ош ш.

7 165,6

6 763,5

-402,0

Белгилей кетсек, жергиликтүү өндүрүлгөн көмүргө бааларды жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы токтому менен №209 көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Балыкчы (тоннасы 3 200 сом), Жалал-Абад (тоннасы 4 000 сом), Ноокат (тоннасы 5 000 сом) жана Бишкек (тоннасы 3 000 сом) шаарларында арзандатылгын баада көмүр сатуу түйүндөрү катталган. Көрүлгөн чаралардын убактылуу мүнөзүн эске алуу менен, жогоруда көрсөтүлгон баалар Улуттук статистика комитет тарабынан көмүрдүн орточо баасын эсептөөнүн жүрүшүндө жалпы суммага киргизилген эмес.

Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүргө) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлдү.

_________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү  |e-mail: ceny@stat.kg;  |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 10.12.2021, 14:59