Республикада экономикалык өсүүнүн оң тенденциясы сакталууда

Басылмалардын датасы: 11.11.2022


Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрында ички дүң продукт алдын-ала баалоо боюнча 689 миллиард сомго жакынды түздү жана 2021-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 7 пайызга көбөйдү.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январь-октябрында ИДПнын көлөмү 641 миллиард сомду түзүп, 5 пайызга көбөйдү.

Ички дүң продукт
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен

2022-жылдын январь-октябрында өнөр жай продукцияларынын көлөмү 338 миллиард сомго жакынды түздү жана негизги металлдарды (32,1 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишмердиктин продукцияларын (30,7 пайызга), мунайзат азыктарын (12,8 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын (11,9 пайызга), текстиль өндүрүшүн, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдарды (5,5 пайызга) өндүрүүнүн, ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен өткөн жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 14,3 пайызга көбөйдү.

 

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү
(өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен

Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн көбөйүшү 5,0 пайызды, айыл чарбасында 6,7 пайызды, дүң жана чекене соодада 7,3 пайызды түздү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүүсү 12,1 пайызды түздү. Муну менен бирге баалар алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки азыктарына – 19,4 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 13,1 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга – 10 пайызга өстү, ал эми калкка көрсөтүлө турган кызматтардын тарифтери 8 пайызга жогорулады.

2022-жылдын январь-октябрында керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда байкалды. Ал эми баалардын максималдуу өсүшү (14,8 пайызга) Нарын облусунда катталды, бул алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын бааларынын башка региондорго салыштырганда эң көп жогорулашы (43,8 пайызга) менен шартталды.

Кыргыз Республикасынын  товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-сентябрында 8,3 млрд. АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 35,9 пайызга көбөйдү, ошону менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 38,8 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескерисинче 1,8 эсеге көбөйдү.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-сентябрында 3,1 млрд АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 30 пайызга көбөйдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 45 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 25,3 пайызга көбөйдү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (70,1 пайызы) жана Казакстанга (27,6 пайызы) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт                                                                                                    Экспорт

          

Презентациялар:

1. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсү

2. Внешняя и взаимная торговля Кыргызской Республики за январь-сентябрь 2022 года.

 

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Маектешүүнү уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн  кайрылыңыздар:

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg Дареги: Фрунзе  көчөсү 374 (Т.Молдо көч. кесилиши).

 


Акыркы жаңылоо: 15.11.2022, 11:23