Республиканын түндүк региондорунда статистикалык органдардын ишинин жыйынтыгы чыгарылды

Басылмалардын датасы: 31.01.2023


Республиканын түндүк региондорунун статистикалык башкармалыктарында 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму болуп өттү.

Нарын облусунда Улутстаткомдун төрагасынын орун басары Бакытбек Шокеновдун, ошондой эле райондук статистика органдарынын жетекчилеринин катышуусунда коллегия болуп өттү. Катышуучулар өткөн жылдагы облустар аймагында болуп өткөн эл жана турак жай фондун каттоо жана статистикалык эсепти жакшыртуу боюнча иштер тууралуу айтып беришти.

Ысык-Көл облустук статистика башкармалыгынын коллегиясынын отурумуна Улутстаткомдун аппарат жетекчиси Эльмира Алымкулова жана райондук статистика органдарынын жетекчилери катышты. Отурумдун катышуучуларына облстаттын 2022-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү жана үстүбүздөгү жылга карата милдеттер аныкталды.

Талас облустук статистика башкармалыгы Улутстаткомдун төрагасынын орун басары Бакытбек Шокеновдун жана тармактык жана райондук статистика бөлүмдөрүнүн башчыларынын катышуусунда онлайн форматта коллегия өткөрдү.


Акыркы жаңылоо: 31.01.2023, 12:00