2016-жылдын январында негизги капиталга инвестициянын көлөмүнүн төмөндөөсү иштетүү өндүрүш объекттеринин, байланыш жана турак жай курулушунда белгиленди

Басылмалардын датасы: 11.02.2016


Алдын-ала маалыматтар боюнча негизги капиталга өздөштүрүлгөн  инвестициянын көлөмү 2016-жылдын январында 2,8 млрд. сомду түзүп, 2015-жылдын январына салыштырмалуу 8,7 пайызга азайды. Муну менен бирге ички булактардын эсебинен каржыланган инвестициялар 0,3 пайызга өстү, тышкы булактардын эсебинен тескерисинче 23,1 пайызга кыскарды.

Негизги көлөмү (инвестициянын жалпы көлөмүнүн 81,4 пайызы) пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүш, транспорт ишмердиги жана турак жай объекттеринин курулушуна багытталган, муну менен бирге инвестициянын жалпы көлөмүнүн үлүшү 2015-жылдын январына салыштырганда 2,5 пайыздык пунктка төмөндөдү.

23,5 миң чарчы метр жеке турак жай пайдаланууга берилди, бул 2015-жылдын январына караганда 36,1 пайызга аз. 

______________________________________________________________________

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын  |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642  инвестиция статистикасы бөлүмү

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 11.02.2016, 17:21