2024-жылдын январында ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды

Басылмалардын датасы: 13.02.2024


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2024-жылдын январында өткөн жылдын январына салыштырмалуу 7,4% жогорулоо менен 73 млрд. ашык сомду түздү.  

ИДПнын өсүшү товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон салыктар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январына салыштырмалуу 15,6%, кызмат көрсөтүү тармактарынын өсүү темпи 5,5% , ал эми продукттарга болгон таза салыктар 2,6% жогорулады.  

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (52,2%) кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди, бул мурунку жылдын январынан 1,9 пайыздык пунктка аз, ошол эле убакта товар өндүрүү тармактарынын үлүшү тескерисинче 3,0 пайыздык пунктка  жогорулады жана 27,6% түздү. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3 пайыздык пунктка, курулуштун үлүшү - 0,1 пайыздык пунктка өстү, ал эми айыл чарбасынын үлүшү - 0,4 пайыздык пунктка төмөндөдү.

2024-жылдын январындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2023

2024

ИДП

73 268,2

107,4

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

20 251,5

115,6

24,6

27,6

  Айыл чарбасы, токой чарбасы
    жана балык уулоочулук

3 657,9

101,4

5,4

5,0

   Өнөр жай

15 269,1

119,3

17,5

20,8

     Пайдалуу кендерди казуу

1 559,8

87,6

2,4

2,1

     Иштетүү өндүрүшү 
       (Иштетүү өнөр жайы)

11 360,7

131,5

11,7

15,5

     Электр энергия, газ, буу жана  кондицияланган аба            менен камсыздоо (жабдуу)

2137,8

97,1

3,2

2,9

   Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү         жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

210,8

127,1

0,2

0,3

    Курулуш

1 324,5

123,6

1,7

1,8

Кызмат көрсөтүү тармактары

38 189,7

105,5

54,1

52,2

 Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана                  мотоциклдерди оңдоо

8 869,2

117,5

11,5

12,1

 Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

2 680,0

110,5

3,5

3,7

  Мейманканалардын менен ресторандардын                  ишмердиги

1 003,4

116,1

1,3

1,4

    Маалымат жана байланыш

2 012,4

106,2

3,0

2,7

    Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

23 624,7

100,5

34,8

32,3

Продукттарга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

14 827,0

102,6

21,3

20,2

Эскертүү: Маалыматтар, 2008 жылдагы Улуттук Эсептер Тутумунун эл аралык стандарттарына ылайык эсептелген.
 

_____________________________________________
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;
тел.+996 (312) 324695; 325351

Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 13.02.2024, 14:53