2024-жылдын январында экономиканын өсүшү 7,4 пайызды түздү

Басылмалардын датасы: 12.02.2024


Ички дүң продукт 2024-жылдын январында алдын ала баалоолор боюнча 73,2 млрд. сомду түздү жана 2023-жылдын январына салыштырмалуу 7,4 пайызга көбөйдү.

Ички дүң продукт
(мурдагы жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2024-жылдын январында 37,6 миллиард сомду түздү жана 2023-жылдын январына салыштырмалуу жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишмердиктин (1,8 эсеге), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарынын (46,6 пайызга), негизги металлдардын (35,3 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (25,6 пайызга), тазаланган мунай продуктуларынын (17,8 пайызга), фармацевтикалык продукциялардын (17,6 пайызга),ошондой эле текстиль өндүрүшүнүн, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын, ошондой эле химиялык продукциялардын (17,3 пайызга) өндүрүүнүн көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен 16,5 пайызга көбөйдү  

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(мурдагы жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдүн көбөйүшү 23,6 пайызды, дүң жана чекене соодада 22,8 пайызды, ошондой эле айыл чарбасында 1,4 пайызды түздү,

Үстүбүздөгү жылдын январында 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча 0,2 пайызды түздү. Мында тамак - аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 0,4 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге -0,7 пайызга баалардын жогорулашы белгиленди, ал эми азык-түлүк эмес товарларга баалар жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер өткөн айдын деңгээлинде сакталды.

Үстүбүздөгү жылдын январында 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (Жалал-Абад облусунан тышкары, мында 0,2 пайызга төмөндөө байкалган) республиканын бардык региондорунда белгиленди. Баалардын максималдуу өсүшү (0,4 пайызга) Баткен жана Талас облустарында катталды.

Кыргыз Республикасынын товарларды тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-декабрында 15,7 млрд.АКШ долларын түздү жана 2022 - жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 29,9 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 46,8 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 26 пайызга көбөйдү.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 4,4 млрд.АКШ долларын түздү жана 2022-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 8,7 пайызга төмөндөдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (67,3 пайыз) жана Казакстанга (30,3 пайыз) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(мурдагы жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт                                                                                                    Экспорт

 

 Презентациялар:

1. 2024 – жылдын башына карата мал жана үй канаттууларына санак жүргүзүүнүн жыйынтыгы

2. 2023-ж. январь-декабрындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайынын негизги көрсөткүчтөрү (ыкчам маалымат)

3. 2023-жылдын Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасы (алдын-ала жыйынтыгы)

****

Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47, уюлдук тел.: 0(700) 79-53-54, Тукашева Айзада. e-mail: statistica.kg@gmail.com

Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mailstatistica.kg@gmail.com дарегине жазыңыздар.

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

Google play

apple_download

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 12.02.2024, 12:06