2016-жылдын январь-февралында негизги капиталга инвестициянын көлөмүнүн төмөндөөсү белгиленди

Басылмалардын датасы: 11.03.2016


Алдын-ала маалыматтар боюнча негизги капиталга өздөштүрүлгөн    инвестициянын көлөмү 2016-жылдын январ-февралында 7,9 млрд. сомду түзүп, 2015-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 10,3 пайызга азайды. Муну менен бирге ички булактардын эсебинен каржыланган инвестициялар 8,5 пайызга, тышкы булактардын эсебинен 15,6 пайызга кыскарды.

Негизги көлөмү (инвестициянын жалпы көлөмүнүн 85 пайызы) пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүш, транспорт ишмердиги жана турак жай объекттеринин курулушуна багытталган, муну менен бирге инвестициянын жалпы көлөмүнүн үлүшү 2015-жылдын январь-февралына салыштырганда 2,9 пайыздык пунктка төмөндөдү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-февралында 93,2 миң чарчы метр жеке турак жай пайдаланууга берилди, бул өткөн жылдын тийиштүү  мезгилине салыштырмалуу 7,3 пайызга аз.

 

 

______________________________________________________________________

 

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын  |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

инвестиция статистикасы бөлүмү

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 11.03.2016, 11:15