Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында республиканын ички дүң продукту триллион сомдон ашты

Басылмалардын датасы: 12.12.2023


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2023-жылдын январь-ноябрь айларында триллиондон ашык сомду түздү жана мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштармалуу 4,4% жогорулады.

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактары жана продукттарга таза салыктар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, мурунку жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 5,6%, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 3,3%, ал эми продукттарга таза салыктардын өсүү темпи 3,1%, жогорулады.

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (49,8%) өткөн жылдын жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип 0,3 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 32,6% түздү. Муну менен бирге, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өнөр жайдын үлүшү 16,2% түзүп, 1,6 пайыздык пунктка төмөндөдү, айыл чарбасынын үлүшү 10,5% түздү жана 1,5 пайыздык пунктка төмөндөдү.

2023-жылдын январь-ноябрындагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2022

2023

  ИДП

1 072 589,9

104,4

100,0

100,0

  Товар өндүрүү тармактары

349 081,6

103,3

35,9

32,6

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

112 680,2

100,3

12,0

10,5

  Өнөр жай

173 186,0

101,6

17,8

16,2

  Пайдалуу кендерди казуу

19 533,1

103,5

1,9

1,8

  Иштетүү өндүрүшү 
 (Иштетүү өнөр жайы)

136 785,3

100,6

14,2

12,8

  Электр энергия, газ, буу жана

 

 

 

 

 кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

14 546,1

108,6

1,5

1,4

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

2 321,5

105,0

0,2

0,2

  Курулуш

63 215,4

114,3

6,1

5,9

  Кызмат көрсөтүү тармактары

535 165,3

105,6

50,1

49,8

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

157 436,5

114,2

14,2

14,7

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

31 196,0

107,3

3,0

2,9

Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги

16 574,2

120,5

1,3

1,5

  Маалымат жана байланыш

22 890,1

106,8

2,3

2,1

  Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

307 068,5

100,5

29,3

28,6

Продукттарга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

188 343,0

103,1

14,0

17,6

 

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 12.12.2023, 16:45