Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында республиканын экономикасынын өсүшү камсыз болду

Басылмалардын датасы: 12.12.2023


Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча бир триллион сомдон ашты жана 2022-жылдын такталган тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,4 пайызга көбөйдү.

Ички дүң продукт
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

2023-жылдын январь-ноябрында өнөр жай продукциясынын көлөмү 428 миллиард сомду түздү жана 2022-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу резина, пластмасса буюмдарынын жана курулуш материалдарынын (1,8 эсеге), фармацевтикалык продукциянын (1,5 эсеге), текстиль өндүрүшүндө, кийим жана бут кийим, тери жана булгаары буюмдарын өндүрүүнүн (23,6 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердигинин (23,0 пайызга), тазаланган мунай заттарын өндүрүүнүн (8,4 пайызга), химиялык продукциянын (7,4 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (5,3 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (3,5 пайызга) өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен 1,8 пайызга көбөйдү.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулушта оң тенденциялар байкалган, анда көлөмдүн көбөйүшү 14,3 пайызды, дүң жана чекене соода 17,9 пайызды түзгөн.
Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча 6,9 пайызды түздү. Мында азык - түлүк эмес товарларга баалар 11,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 10,7 пайызга, тамак - аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга-3,1 пайызга, калкка  кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 8,9 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү (12,3 пайызга) Нарын облусунда жана Ош шаарында катталды.

Товарлар менен тышкы жана өз ара сооданын көлөмү 2023-жылдын январь-октябрында 12,3 млрд.АКШ долларын түздү жана 2022 - жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 24,9 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 29,6 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 23,8 пайызга көбөйдү.

Республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-октябрында 3,4 млрд.АКШ долларын түздү жана 2022-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 15,2 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жеткирүүлөр 22,7 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 11,7 пайызга кыскарды.

2023-жылдын январь-октябрында республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (64,9 пайыз) жана Казакстанга (32,8 пайыз) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
 

Импорт                                                                                                    Экспорт

 

Презентациялар:

1. 2023-жылдын январь - октябрындагы Кыргыз Республикасындагы орточо айлык эмгек акы

2. Валовой внутренний продукт (ВВП) Кыргызской Республики

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

Google play

apple_download


Акыркы жаңылоо: 12.12.2023, 17:27