Январь-октябрындагы ички дүң продуктунун өсүү тенденциясы сакталды

Басылмалардын датасы: 11.11.2022


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2022-жылдын январь-октябрында өткөн жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 7% өсүү менен 688 млрд. ашык сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5% өсүп, 641,1 млрд. сомду түздү.

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана тейлөө тармактары тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 2021-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 9,9% өскөн болсо, 2021-жылдын январь-октябрында, тескерисинче, 4,0% төмөндөшү байкалган. Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 4,1% өстү (2021-жылдын январь-октябрында 6,4% өскөн).

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (45,0%) өткөн жылдын жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келип 1,1 пайыздык пунктка өскөн, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү, тескерисинче, 3,0 пайыздык пунктка төмөндөп 39,2% түздү. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү 18,2% түздү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилиндеги дэңгээлде сакталды, ал эми айыл чарбасынын үлүшү 14,4% түздү жана 2,5 пайыздык пунктка кыскарды.

2022-жылдын январь-октябрындагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП

 

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2021

2022

ИДП

688 830,6

107,0

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

270 044,6

109,9

42,2

39,2

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

99 451,4

106,7

16,9

14,4

Өнөр жай

125 327,5

114,9

18,2

18,2

Пайдалуу кендерди казуу

15 712,4

106,1

1,8

2,3

Иштетүү өндүрүшү 
 (Иштетүү өнөр жайы)

91 568,4

121,1

13,5

13,3

Электр энергия, газ, буу жана

       

  кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

16 342,5

91,8

2,6

2,4

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

1 704,2

90,7

0,3

0,2

Курулуш

45 265,7

105,0

7,1

6,6

Кызмат көрсөтүү тармактары

309 667,8

104,1

43,9

45,0

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

109 431,6

106,2

15,8

15,9

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

25 829,9

111,0

3,8

3,7

Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги

8 198,4

120,1

1,1

1,2

Маалымат жана байланыш

16 227,5

105,1

2,7

2,4

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

149 980,4

100,3

20,5

21,8

Продуктуларга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

109 118,2

107,0

13,9

15,8

 

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 11.11.2022, 16:15