Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүү тенденциясы сакталды

Басылмалардын датасы: 11.11.2023


 

Ички дүң продуктунун көлөмү үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында алдын-ала баалоо боюнча 919 миллиард сомду түздү жана 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,5 пайызга көбөйдү.

Ички дүң продукт
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

2023-жылдын январь-октябрь айларында өнөр жай продукцияларынын көлөмү 377,5 миллиард сомду түздү жана резина жана пластмасса буюмдарын, курулуш материалдарын (1,8 эсеге), фармацевтикалык продукцияларды өндүрүүнүн (1,6 эсеге), текстиль өндүрүшүнүн, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын (26,9 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердиктин (22,3 пайызга), химиялык продукцияларды (17,2 пайызга), тазаланган мунайзат продуктуларын (6,8 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (3,8 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун көлөмүнүн өсүшүнүн (4,4 пайызга) эсебинен 1,2 пайызга көбөйдү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн көбөйүшү 14,6 пайызды, ал эми дүң жана чекене соодада 18,3 пайызды түздү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жалпы республика боюнча өсүшү 6,7 пайызды түздү. Мында баалар азык-түлүк эмес товарларга – 11,1 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки азыктарына – 10,4 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 3,2 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 8,1 пайызга жогорулады.

Быйылкы жылдын январь-октябрь айларында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү (12,2 пайызга) Нарын облусунда катталды, бул алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын башка региондорго салыштырмалуу эң көп (18,4 пайызга) кымбатташы менен шартталды. Ал эми Талас облусунда тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын бааларынын өсүшү (8,0 пайызга) белгиленди. Азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын (23,4 пайызга) жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин (19,1 пайызга) эң көп өсүшү Ош шаарында катталды.

Товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 10,8 млрд. АКШ долларын түздү жана 2022-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 26,2 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жеткирүүлөр 49,6 пайызга, ал эми импорттук түшүүлөр 21,6 пайызга көбөйдү.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү жылдын январь-сентябрь айларында 3,0 млрд. АКШ долларын түзүп, 2022-жылдын жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 9,2 пайызга төмөндөдү. Бул мезгил ичинде республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын эң жогорку үлүшү Россияга (65,3 пайыз) жана Казакстанга (32,4 пайыз) туура келди.

                    Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
 

Импорт                                                                                                    Экспорт

 
 
 
 
 
 
 
 
 
****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Маектешүүнү уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн  кайрылыңыздар:

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg Дареги: Фрунзе  көчөсү 374 (Т.Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

Google play

apple_download

 

 

 

Акыркы жаңылоо: 11.11.2023, 12:17