Ушул жылдын январь айында өсүмдүк майлары, картошка жана жумуртка эң көп кымбаттады

Басылмалардын датасы: 18.02.2021


Үстүбүздөгү жылдын январында 2020-жылдын январына салыштырмалуу жалпы республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 18,5 пайызга жогорулады.

Муну менен бирге, баалар тамак-аш өсүмдүк майларына - 54,6 пайызга,  картошкага - 46,3 пайызга, жумурткага - 35,4 пайызга, кумшекерге - 33,1 пайызга, этке - 27,5 пайызга, унга - 16,5 пайызга, жаңы бышкан жемиштерге - 15,1 пайызга, макарон азыктарына  - 16,6 пайызга, алкоголсуз суусундуктарга - 6,9 пайызга, майлуугу 2,5 - 3,2 % пастеризацияланган сүткө - 5,5 пайызга, нанга - 5,2 пайызга, балыкка - 3,3 пайызга баалардын көбүрөөк жогорулаганы белгиленди. Ушул эле убакта, таруунун (5,4 пайызга), тооктун сан этинин (1,9 пайызга), бисквит тортунун (0,1 пайызга) баалары төмөндөдү.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу жалпы республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 1,7 пайызга жогорулаган.

Муну менен бирге, баалар уйдун бооруна - 9,3 пайызга, картошкага - 4,6 пайызга, койдун этине - 4,0 пайызга, тамак-аш өсүмдүк майларына - 3,8 пайызга, сүт азыктарына, сыр жана жумурткага - 3,5 пайызга, (анын ичинен жумурткага - 11,1 пайызга),  тоңдурулган балыкка - 2,6 пайызга, эрүүчү накта кофенин - 2,3 пайызга, нанга - 1,1 пайызга, кумшекерге - 0,9 пайызга,  таруунун - 0,7 пайызга жогорулаганы белгиленди.  Муну менен катар, накта балдын (1,8 пайызга), вафелдик тортунун (0,5 пайызга), ышталган балыкктын (0,2 пайызга), куюп сатылуучу сүттүн (0,2 пайызга),  күрүчтүн (0,1 пайызга) жана гречиха акшагынын (0,1 пайызга) баалары төмөндөдү.

 

___________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү                |e-mail: ceny@stat.kg;    тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 18.02.2021, 10:42