2021-жылдын январь-мартындагы ички дүӊ продукт

Басылмалардын датасы: 13.04.2021


 

Ички дүң продукт (ИДП) 2021-жылдын январь-мартында, алдын-ала баалоо боюнча, өткөн жылдын январь-мартына салыштырмалуу 9,4 пайызга төмөндөө менен 118,4 млрд. сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 105,6 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5 пайызга кыскарды.
ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшү өндүрүштө, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө алардын кыскарышы менен шартталды. Муну менен бирге, товарларды өндүрүүчү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-мартына салыштырмалуу  14,7 пайызга төмөндөдү, ал эми 2020-жылдын январь-мартында алардын 2,5 пайызга өсүшү байкалган. Ушуга жараша, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2020-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 5,5 пайызга төмөндөдү (2020-жылдын январь-мартында – 1,7 пайызга өсүү болгон).
Үстүбүздөгү жылдын январь-мартында ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (49,1 пайыз) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, ал өткөн жылдын январь–мартына салыштырмалуу 1,5 пайыздык пунктка азайды, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 36,9 пайызды түзүү менен 0,9 пайыздык пунктка азайды. Өнөр жайдын ИДПдагы үлүшү 24,7 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,9 пайыздык пунктка төмөн, курулуштун үлүшү тиешелүүлүгүнө жараша, 4,1 пайызга жана 1,1 пайыздык пунктка төмөн болду, ал эми ушул эле учурда айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 8,1 пайызды түзүү менен 1,1 пайыздык пунктка көбөйдү.

2021-жылдын январь-мартында экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата
пайыз менен

2020

2021

ИДП

118 362,0

90,6

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

43 579,5

85,3

37,8

36,9

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана

9 572,3

100,9

7,0

8,1

балык уулоочулук

Өнөр жай

29 119,2

82,1

25,6

24,7

Пайдалуу кендерди казуу

2 440,4

81,9

2,2

2,1

Иштетүү өндүрүшү

       

 (Иштетүү өнөр жайы)

21 132,6

76,9

19,0

17,9

Электр энергия, газ, буу жана 

       

 кондицияланган аба менен камсыздоо 

 (жабдуу)

5 089,2

102,2

4,1

4,3

Суу менен жабдуу, тазалоо,

457,0

138,5

0,3

0,4

калдыктарды иштетүү жана кайра

пайдалануучу чийки затты алуу

Курулуш

4 888,0

80,2

5,2

4,1

Кызмат көрсөтүү тармактары

58 182,3

94,5

50,6

49,1

Дүң жана чекене соода; автоунааларды

16 868,0

86,9

14,9

14,3

жана мотоциклдерди оңдоо

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү

5 860,9

86,9

4,7

4,9

 сактоо

Мейманканалар менен ресторандардын 

1 089,0

65,3

1,3

0,9

ишмердиги

Маалымат жана байланыш

3 747,3

101,1

3,1

3,2

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

30 617,1

100,3

26,6

25,8

Продуктуларга таза (субсидияларды

       

 эсептебегенде) салыктар

16 600,2

90,6

11,6

14,0

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg;

тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 13.04.2021, 15:36