2021-жылдын январь-сентябрындагы ички дүӊ продукт

Басылмалардын датасы: 12.10.2021


Ички дүң продукт (ИДП), алдын-ала баалоо боюнча, 2021-жылдын январь-сентябрында,  өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 0,1 пайызга жогорулоо менен 486 млрд. жакын сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 444 млрд. ашык сом өлчөмүндө түзүлдү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,6 пайызга жогорулаган.

ИДПнын өсүү темпинин жогорулашы негизинен, кызмат көрсөтүүчү тармактар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, кызмат көрсөтүүчү тармактарынын өсүү темпи 2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 5,7 пайызга өстү (2020-жылдын январь-сентябрында 9,8 пайызга төмөндөө болгон). Ушул эле учурда товарларды өндүрүүчү тармактардын өсүү темпи өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 5,5 пайызга төмөндөдү (2020-жылдын январь-сентябрында 2,3 пайызга төмөндөө болгон).

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (44,5 пайыз) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, ал өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 0,3 пайыздык пунктка азайды, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 2,9 пайыздык пунктка кыскарды жана 41,7 пайызды түздү.  ИДПнын түзүмүндөгү өнөр жай тармагынын үлүшү 19,4 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3 пайыздык пунктка төмөн, курулуштун үлүшү, тиешелүүлүгүнө жараша, 5,7 пайызга жана 1,3 пайыздык пунктка төмөн болду, ал эми ушул эле учурда айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 16,6 пайызды түзүү менен 1,7 пайыздык пунктка көбөйдү.

2021-жылдын январь-сентябрындагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП
 

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2020

2021

ИДП

485 673,2

100,1

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

202 090,6

94,5

44,6

41,7

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

80 740,7

95,0

14,9

16,6

Өнөр жай

93 896,3

94,7

22,7

19,4

Пайдалуу кендерди казуу

10 652,5

110,3

1,7

2,2

Иштетүү өндүрүшү  
 (Иштетүү өнөр жайы)
 

71 841,7

91,6

18,6

14,8

Электр энергия, газ, буу жана

       

кондицияланган аба менен камсыздоо   (жабдуу)

10 001,5

105,1

2,2

2,1

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

1 400,6

132,7

0,2

0,3

Курулуш

27 453,6

92,8

7,0

5,7

Кызмат көрсөтүү тармактары

216 511,8

105,7

44,8

44,5

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

74 533,0

110,9

14,1

15,3

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

16 675,8

121,6

2,8

3,4

Мейманканалар менен ресторандардын ишмердиги

4 469,8

113,3

0,8

0,9

Маалымат жана байланыш

13 248,9

106,4

3,0

2,7

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

107 584,3

100,4

24,1

22,2

Продуктуларга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

67 070,8

100,1

10,6

13,8


_________________________________________________________________________________________________________

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg; 
тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 13.10.2021, 17:39