2021-жылдын III кварталында жашоо минимумунун өлчөмү 22 пайызга көбөйдү

Басылмалардын датасы: 13.10.2021


2021-жылдын III кварталында жашоо минимумунун өлчөмү 6 382,69 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 22,2 пайызга өстү. Июль-сентябрь айларында республиканын бардык региондорунда жашоо минимумунун өлчөмүнүн өсүшү белгиленди.
                                                               Региондор боюнча жашоо минимуму
                                                    (орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тамак-аш азыктарынын минималдуу топтомун, тамак-аш азыктарынын топтомунун химиялык курамын жана  энергетикалык баалуулугун, ошондой эле жашоо минимумунун өлчөмүн эсептөө методикасын камтыган «Калктын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтомуна ылайык жашоо минимумунун нарктык өлчөмүн квартал сайын эсептеп чыгарат.
Калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн иштелип чыккан жашоо минимумун түзүмүнө ылайык, азык-түлүк товарларынын үлүшү орточо 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлардын - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөрдүн – 17 пайызды жана салыктардын үлүшү - 2 пайызды түзөт.

Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)

 

III квартал

Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен

2020

2021

Бардыгы

5 225,09

6 382,69

122,2

Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк

5 850,96

7 176,05

122,6

 анын ичинен:

 

 

 

   эркектер

5 986,64

7 352,61

122,8

   аялдар

5 798,77

7 118,35

122,7

Пенсионерлер

4 663,03

5 683,09

121,9

Балдар

4 425,77

5 368,77

121,3

 анын ичинен, жашы:

 

 

 

   0дөн 7ге чейинки

3 916,20

4 738,69

121,0

 7ден 14кө чейинки

4 609,39

5 588,76

121,3

 14-17

 5 019,03

6 118,09

121,9

____________________________________________

Үй чарба статистикасы бөлүмү:  e-mail:Y.Kalymbetova@stat.kg; |  тел. + 996 (312)  324655
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын расмий статистика жөнүндө  мыйзамынын 30-беренеси).

 

 


Акыркы жаңылоо: 14.10.2021, 16:33