Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Басылмалардын датасы: 02.08.2019


Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 8-июлунда «Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 29-майында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын айрым ченемдерин «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган бул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 26 мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 1 жыл өткөндөн кийин, тактап айтканда, «Расмий статистика жөнүндө» жаңы Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.


Акыркы жаңылоо: 02.08.2019, 14:58