Республиканын калкынын тышкы миграциясы ү.ж. жети айынын ичинде бир нече төмөндөдү

Басылмалардын датасы: 25.09.2015


Кыргыз Республикасынын калкынын тышкы миграциясы ү.ж. жети айынын ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир нече төмөндөдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтары боюнча 2015-жылдын январь-июль айларында республикага туруктуу жашоо үчүн 2,1 миң адам келсе, 4,4 миң адам кеткен, калктын миграциялык кетүү агымы  -2,3 миң адамды түздү  (2014-ж. январь-июлунда -4,1 миң адам).

Тышкы миграция боюнча кетүүнүн эң жогорку интенсивдүүлүгү мурункудай эле Чүй облусунда жана Бишкек шаарында байкалды (10 миң тургунга 15-16 адам), бул кетүүнүн орточо республикалык деңгээлинен бир кыйла ашат (10 миң тургунга 8 адамга жакын).

__________________________________________________________________________________________________

Демографиялык статистика бөлүмү     |    e-mail: r.chynybaeva@stat.kg;    |       тел. + 996 (312) 325336.

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 25.09.2015, 13:54