КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! 3-апрелде каттоо аяктайт: андан ары эмне болот?

Басылмалардын датасы: 02.04.2022


Кыргызстанда жалпы эл жана турак-жай фондун каттоо – 2022 өнөктүгү аяктоо алдында турат (республикабыздын алыскы аймактарын кошпогондо).

Каттоочу келбеген жашоочуларыбызда четте калабызбы деген тынчсыздануу болуп жаткандыктан, өнөктүккө катышууга үлгүрүү үчүн Улутстатком уюштурган тынымсыз байланышка (тел. 1216) чалып, кайрылып жатышат.

Каттоочулар эл жана турак-жай фондду каттоону бүгүн, 2-апрель жана эртең 3-апрель улантышаарын эске салабыз.

Андан кийин, үч күндүн ичинде, 4-6-апрельде контролдук кыдыруу өткөрүлөт. Мындай иш-чара каттого алынган жашоочуларды бир-сыйра тактоо максатында өткөрүлөт.

Каттоочу өзүнө бөлүнгөн каттоо бөлүмүнүн жетекчиси менен ар бир онунчу үй-чарбасын кыдырып, чарбанын жашоочуларынан эл каттоодон өтүштүбү же өтүшкөн жокпу, бир сыйра тактап алышып, жогоруда белгиленгендей кайсы бир себептерден улам каттоого алынбай калган жашоочулар аныкталып калса, жеринен каттоого алышат.

Каттоого алынбай калган жашоочуларды каттоо, кошумча кыдыруу ыкмасы Кыргызстандын эл каттоо практикасында буга чейинки эл каттоолорунда жүзөөгө ашырылып келген.

Өлкөбүздүн жашоочуларына мындай иш-чарабызга туура түшүнүү менен мамиле жасайт деген ишеничибиз бар.

Эске сала кетсек эл каттоонун иши социалдык баракчаларда да кеңири чагылдырылууда: : Инстаграм: elkattoo.kg, Facebook: Эл каттоо.

            


Акыркы жаңылоо: 02.04.2022, 15:12