Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчө өлкөлөрү менен өз ара сооданын көлөмүнүн эсебинин маселелери окутуучу семинардын жүрүшүндө каралды

Басылмалардын датасы: 22.07.2015


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында бажы биримдигинин мүчө мамлекеттери менен өз ара соода статистикасын жана үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соода статистикасын уюштуруу жана жүргүзүү жөнүндө” 2014-жылдын 20-агустундагы №470 токтомун аткаруу максатында жана статистика чөйрөсүндөгү Жол картада аныкталган иш-чаралардын планына ылайык ү.ж. 16-июлунан 18-июлуна карай мезгилде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчө өлкөлөрү менен өз ара соода боюнча статистикалык отчёттуулукту жыйноо жана иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик статистиканын аймактык органдарынын адистерине окуу өткөрүлдү.

          Иш-чарага чарба жүргүзүү формасына, менчик формасына жана экономикалык ишмердиктин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар тапшырышкан № 1 - өз ара соода формасы боюнча маалыматтарды жыйноого жана иштеп чыгууга жооптуу мамлекеттик статистиканын облустук жана райондук деңгээлиндеги адистери катышышты. Бул отчёттуулуктун формасы ЕАЭБнын мүчө өлкөлөрү менен Кыргыз Республикасынын экспорттук-импорттук операцияларына боло турган бажылык тескөө - башкаруу жокко чыгаруу менен байланыштуу статистикалык практикага биринчи жолу киргизилди. Окуунун жүрүшүндө жаңы отчёттуулуктун киргизилиши, аны чогултуу, киргизүү, оңдоо, ошондой эле каталогду түзүүдөгү  маселелер талкуланды. Жолугушуунун катышуучуларынын арасында тажрыйба алмашуу жана талкуулоо болду, № 1 - өз ара соода формасы боюнча маалыматтарды жыйноо жана иштеп чыгуу боюнча иштерге тийиштүү көйгөйлүү маселелер талкууланды.

 

Жолугушуунун катышуучулары ар айлык негизде Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын жардамы менен пландалып жаткан Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пунктундагы жеке жактарды боло турган тандама изилдөө өткөрүлүүшү жөнүндө маалымат алышкан.

______________________________________________________________________________________________________
Тышкы экономикалык ишмердик               e-mail: gsulaimanova@stat.kg;                    тел. + 996 (312)  324726
статистикасы бөлүмү 

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 22.07.2015, 16:46