Дүйнөлүк статистика күнү: статистика - бул сан гана эмес, адамзаттын тарыхы

Басылмалардын датасы: 20.10.2020


Бүгүн, 2020-жылдын 20-октябрында Дүйнөлүк статистика күнү үчүнчү ирет белгиленип жатат. 2010-жылы БУУнун Статистикалык комиссиясынын 41-сессиясында Дүйнөлүк статистика күнүн белгилөө чечими кабыл алынып, ал беш жылда бир жолу өткөрүлөт. Бул ирет “Дүйнөнү биз ишене ала турган маалымат аркылуу өзгөртөбүз” атуу ураан астында өтүп жатат. Мында маалыматтарга болгон ишенимге көңүл бурулат.

Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасындагы БУУнун калк жайгаштыруу тармагы боюнча Фонддун аткаруучу мүдүрү Наталия Канем кайрылуу жөнөтүп, анда статистика – бул жөн гана сандар эмес, бул адамзаттын тарыхы экенин белгилеп өттү. Сандар адамдардын ден-соолугунан жана бакубаттыгынан, көйгөйлөрүнөн жана келечегинен кабар берет, ошондой эле социалдык-экономикалык шарттарын көрсөтөт. Жалпысынан, статистика коомдо артта калган тармактарды аныктоого жардам берип, туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзөт.

Кыргызстандын мамлекеттик статистикасынын тарыхы өткөн кылымдын жыйырманчы жылдары башталган. Ошол кезде биринчи статистикалык уюмдар түптөлүп, экономикалык жана социалдык маалыматтарды системалык түрдө чогултуу жана иштеп чыгуу ишмердиги калыптанган.

Бүгүнкү күндө Улуттук статистикалык комитети өкмөттүк органдардан тарта калктын ири  катмарынын өкүлдөрү менен эл аралык коомчулук менен тыгыз мамиле түзүүгө жетишип, ийгилүктүү иштеп жаткан статистикалык системанын үлгүсү боло алат.  

Азыркы тапта Улутстатком 4 млрд. жакын баштапкы көрсөткүчтөгү маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгууну камсыздап, жылына 24 миң статистикалык иштерди аткарат. Колдонуучуларга 350 статистикалык жыйнактар менен басылмалар сунушталат, ошондой эле экономикалык жана социалдык абалдын өнүгүшү боюнча түрдүү суроолор боюнча 900 экспресс-маалымат даярдалат.

Ушул жылдын июль айында Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика тууралуу” жаңы Мыйзам күчүнө кирди. Анын максаты улуттук статистикалык системанын эффективдүү иштешин камсыздап келген  расмий статистика тармагындагы БУУнун фундаменталдык принциптерине шайкеш келтирүү болуп саналат. Сапаттуу расмий статистиканы өндүрүү менен бирге коомчулуктун ишенимин жогорулатуу бирден бир максаттардын бири.

2020-жылдын 16-июль айында болуп өткөн БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин туруктуу өнүктүрүү боюнча Саясий форумунда Кыргыз Республикасы өзүнүн биринчи туруктуу өнүктүрүү Максаттарына жетүү боюнча обзорун тартуулады. Аны даярдоо жана анын ишке ашырылышын көзөмөлдөө милдети Улуттук статистика комитетине ыйгарылган. Бул максатта Улутстаткомитеттин расмий сатында ТӨМдүн отчеттуулугу боюнча улуттук платформа жүктөлүп, анда 102 глобалдык жана 57 улуттук максаттардын көрсөткүчтөрү жайгаштырылган.

Бүгүнкү күндө Улутстаткомдун сайты расмий статистикалык маалыматтарды жайылтуунун негизги булактарынын бири. Мында статистиканын бөлүмдөрү жайгаштырылып, ыкчам маалымат менен бирге эгемендүүлүк алган жылдардан тарта көп убакыттан бери чогулган статистикалык маалыматты көрсө болот. Ал эми “Ачык маалымат” бөлүмүнөн 23 тармакты камтыган 240 ачык расмий статистикалык маалыматты тапсаңыз болот.

Колдонуучулардын табитин түшүнүү жана керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн Улутстатком регулярдык тартипте интерактивдик сурамжылоолорду жүргүзүп турат.

Өтүп бараткан жылы Улутстаткомдун расмий сайтынын колдонуучулары 1,6 эсеге өсүп, жаңы окурмандардын саны дээрлик 2 эсеге өскөн. Ал эми англис тилинде колдонуучулардын саны 2,5 эсеге жогорулады.

Кыргыз Ресупбликасынын Улуттук статистика комитетинин жетекчилиги жана жамааты республиканын статистика тармагынын кызматкерлерин Дүйнөлүк статистика күнү менен куттуктап, баарына чын ден-соолук, тынчтык, кут жана береке каалайт.  

 

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат.  Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |


Акыркы жаңылоо: 20.10.2020, 12:26