«Коомдун гендердик маселелерди кабыл алуусу» статистикалык жыйнак басылып чыкты

Басылмалардын датасы: 09.11.2016


Улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча «Коомдун гендердик маселелерди кабыл алуусу» статистикалык жыйнак басылып чыкты. Жыйнак аялдардын саясатка катышуусу; аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү; кыздарды ала качу жана жашы жете электерге нике кыюу түрүндөгү аялдарга карата зордук-зомбулук; аялдардын эмгек миграциясына катышуусу жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

            Бул басылманы алууну каалагандар Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Маркетинг кызматына кайрылууңуздарды өтүнөбүз, байланыш маалыматтары: +996 (312) 324703.

Кененирээк Улуттук статистика комитетинин сайтындагы «Статистика/Гендердик статистика» бөлүмүнөн караңыздар.

_______________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү  | e-mail: j.rahmanova@stat.kg | тел. + 996 (312) 324652

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).

 

 


Акыркы жаңылоо: 09.11.2016, 14:33