“Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто ишкердик-2010-2014” статистикалык жыйнагы басылып чыкты

Басылмалардын датасы: 12.11.2015


Басылма 2010-2014-жылдардагы Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто ишкердиктин абалынын жана өнүгүүсүнүн кыскача талдоосун, экономикалык ишмердиктин түрлөрү жана аймактары боюнча статистикалык маалыматтарды камтыйт. Жыйнакта иштеген ишканалардын санын, андагы иштеген жумушчулардын санын, финансы-чарбалык жана тышкы экономикалык ишмердикти, ошондой эле чакан жана орто ишкердик субъекттеринин ишмердигинин өндүрүштүк көрсөткүчтөрүн мүнөздөгөн статистикалык таблицалар жана графиктер жайгаштырылган. Дыйкан (фермер) чарбаларынын жана жеке ишкерлердин ишмердиги жөнүндө маалыматтар камтыган.

Басылмада ишканалардын типтеринин классификаторунун негизги схемасы жана көрсөткүчтөргө кыскача методологиялык түшүндүрмөлөр жайгаштырылган.

 

Бул басылманы алууну каалагандар Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Маркетинг кызматына кайрылыңыздар.

_______________________________________________________________________________________

Ишканалар жана финансы статистикасы бөлүмү  |      e-mail: vmambetalieva@stat.kg    |      тел. + 996 (312) 625591

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 12.11.2015, 11:41