2016-жылдын 9 айынын жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын ИДПсы 2,0 пайызга өстү - фоторепортаж

Басылмалардын датасы: 11.10.2016


Бүгүн, 2016-жылдын 11-октябрында, Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын
2016-жылдын январь-сентябрь айларындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыгы талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

Улутстаткомдун Төрагасынын орун басары Касымбеков Баисбек Касымбековичтин айтымында, ушул жылдын январь-сентябрында ички дүң продуктунун көлөмү алдын-ала баалоо боюнча 310 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырганда 2,0 пайызга өстү.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2016-жылдын январь-сентябрында ички дүң продуктунун көлөмү 286 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,1 пайызга өстү.

2016-жылдын январь-сентябрында өнөр жай продукциясынын көлөмү 135 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,7 пайызга төмөндөдү. Мурдагыдай эле, өнөр-жай өндүрүшүнүн төмөндөөсү баалуу металлдарды өндүрүүнүн, текстиль өндүрүшүнүн, кийим тигүүнүн жана курулуш материалдарынын өндүрүшүнүн кыскарышы менен шартталды.

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында жалпысынан керектөө бааларынын 2,5 пайызга төмөндөөсү байкалды, ал эми өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу тескерисинче, бир аз (1,1 пайызга ) өсүү байкалган.

Ошол эле убакта, январь-сентябрда тамак-аш продуктулардын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 8,0 пайызга төмөндөгөн.

Муну менен бир катарда, үстүбүздөгү жылдын 9 айында алкоголдук ичмдиктерге жана тамеки заттарына баалар жана тарифтер 4,1 пайызга, калкка кызмат көрсөтүү – 3,4 пайызга, азык-түлүктөн башка товарларга – 0,5 жогорулаган.

Баалар статистикасы бөлүмүнүн башчысы Абдукадирова Малика Азимовна билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 9 айында республикадагы инфляциялык процесстердин динамикасына азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын өзгөрүүсү көбүрөөк таасирин тийгизүүдө, алардын үлүшүнө калктын акчалай чыгашасынын 47 пайыздан көбүрөөгү туура келет. Үстүбуздөгү жылдын 9 айында керектөө бааларынын өсүүсү Ысык-Көл облусунда (0,7 пайызга) белгиленген, ал эми башка облустарда, тескерисинче,  төмөндөөсү байкалган. Ушуну менен бирге бардык облустарда тамак-аш продуктыларына жана алкоголсуз ичимдиктерге баалардын төмөндөөсү байкалган.

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын өнөр-жай статистикасы бөлүмүнүн башчысы Нурбаева Айнура Табылгановна билдиргендей, 2016-жылдын январь-сентябрында өнөр-жай продукциясынын көлөмүнүн структурасында, кайра иштетүү өнөр жайы эң чоң үлүшкө туура келген (78 пайыз). Ал эми облустардын арасында, өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн эң чоң үлүшү Чүй облусуна (40 пайызга жакын), Ысык-Көл облусуна (25 пайыз) жана Бишкек шаарына (17 пайызга жакын) туура келген.

Финансы статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси Жукова Елена Николаевна пресс-конференциянын катышуучуларына маалымдагандай, 2015-жылы Кыргыз Республикасында 14 миң кичи жана орто ишканалар, 401 миңге жакын дыйкан (фермердик) чарбалар (ага кошо айыл чарба ишмердиги менен алектенген жеке ишкерлер) иштешкен. 2016-жылдын 1-январына 367 миңге жакын жеке ишкерлер катталган. Кичи жана орто ишкердик чөйрөсүндө иштегендердин саны 88 миңден ашуун адамды түздү, же экономикада иштеген адамдардын жалпы санынын 4 пайызга жакынын түздү.

Ушуну менен бирге, 2015-жылы кичи жана орто ишкердиктин субъекттеринин үлүшүнө өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 22 пайызга жакыны, аткарылган курулуш иштеринин 90 пайызынан ашыгыраагы, айыл чарба продукциясынын 61 пайызга жакыны жана соода жүгүртүү көлөмүнүн 61 пайызга жакыны туура келген.

Презентациялар:

2016-жылдын 9 айында керектөө бааларынын жана тарифтеринин өзгөрүүсү жөнүндө

2016-жылдын 9 айында өнөр жайын өнүктүрүүнүн жыйынтыктары

2015-жылы кичи жана орто ишкердиктин ишмердиги жөнүндө

 

 


Акыркы жаңылоо: 18.10.2016, 16:37