Республикада жарым жылдыкта 3 миңге жакын жол-транспорт кырсыктары катталды

Басылмалардын датасы: 08.08.2023


Кыргыз Республикасынын ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын маалыматтары боюнча ү.ж. январь-июнунда республиканын аймагында 3 миңге жакын жол-транспорт кырсыктары катталган. Өткөн жылдын январь-июнуна  салыштырмалуу мындай окуялардын саны 1,3 пайызга азайды.

 Алардын эң көп үлүшү Бишкек ш. (45 пайызы), Чүй (19  пайызы) жана Ош облустарына (10 пайызы) туура келди.

Жол-транспорт кырсыктарынан 4,4 миң адам жабыр тартты, бул 2022-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 5  пайызга аз, каза болгондор - 269 адам же 8,5 пайызга көп болду. 

Балдардын катышуусу менен болгон 820 жол-транспорт кырсыктары катталган, бул өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 2,2 пайызга көп. Натыйжада 38 бала каза болуп, 981  бала жабыр тартты.

Алкоголь ичимдигин ичип, мас абалында унаа айдаган айдоочулардын катышуусу менен болгон  153 жол-транспорт кырсыктары катталган, бул  өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 17 пайызга аз.

 

Керектөө рыногу, маалыматтык-коммуникациялык
технологиялар жана туризм статистикасы башкармалыгы   (e-mail; ltekeeva@stat.kg;/ тел.+996 (312) 324 725, 324 918

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 08.08.2023, 13:59