Улутстаткомдун Методологиялык кеңешинин отуруму малдын башынын кварталдык эсебинин методикасын жактырды

Басылмалардын датасы: 29.03.2016


Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) коллегиясынын “Малдын башы” F03.11.04 форматынын схемаларына ылайык статистикалык маалыматтарды малдын түрлөрү боюнча бөлүү менен (ири мүйүздүү мал, койлор жана эчкилер, чочколор) кварталдык мезгилдүүлүк менен берүү боюнча чечимин аткарууда реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын айыл чарба статистикасы бөлүмү тарабынан өткөн мезгилдеги малдын башы маалыматтар базасындагы малдын башынын кварталдык эсебинин методикасы иштелип чыкты.

                   Малдын башынын квартал сайын кыймылын аныкташ үчүн төмөндөгү малдардын түрлөрү (ири мүйүздүү мал, койлор жана эчкилер, чочколор) боюнча жана  чарбалардын категориялары боюнча жыныстык - курактык топторуна бөлүп, үйүрдүн жүгүртүүсү түзүлөт, мында айыл чарба малдарынын кайталап өндүрүшүн мүнөздөгөн  көрсөткүчтөрдүн тутумун камтып жана ал баланс түрүндө түзүлөт, анын кириш бөлүгүндө жылдын башындагы башы көрсөтүлүп, төл алуу, импорт жана башка кириштер көрсөтүлсө, чыгаша бөлvгүндө - этке төгүлгөн малдар, малдын кырылышы, экспорт, башка чыгымдар жана жылдын аягындагы башы көрсөтүлөт.

                  Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун коллегиясынын  2016-жылдын  31-мартындагы отурумунда  бул методиканы кароо пландалып жатат.

 

 

_____________________________________________________________________________

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгы          |e-mail:gmursabekova@stat.k           |тел. + 996 (312) 664043

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 30.03.2016, 14:31