2023-жылдын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштери аяктап жатат

Басылмалардын датасы: 11.11.2023


Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрына карата дан эгиндеринин абалы боюнча (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) 579,5 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,2% көп. Мында алгачкы кабыл алынган салмакта 1,6 млн. тонна дан жыйналды, бул 15% аз. Эгиндин көлөмүнүн төмөндөшү өткөн жылдын тиешелүү күнүнө салыштырганда кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн дээрлик 28% азайышы менен шартталган.

23-сентябрына карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышы
            (миң тонна)

 

Иш жүзүндө

Өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата

 

2022

2023

+, -

пайыз менен

Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз), миң га

572,8

579,5

6,7

101,2

Бастырылган дан - бардыгы (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) (алгачкы кабыл алынган салмакта)

 1 899,2

1 615,0

- 284,2

85,0

1 гектардан, ц

33,2

27,9

- 5,3

84,0

Бастырылган буудай (алгачкы кабыл алынган

салмакта)

625,2

464,2

- 161,0

74,2

1 гектардан, ц

26,8

20,1

- 6,7

75,0

Бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган

салмакта)

572,2

403,2

- 169,0

70,5

1 гектардан, ц

24,4

16,7

- 7,7

68,4

Жыйналган дан жүгөрү

699,1

746,2

47,1

106,7

1 гектардан, ц

66,9

69,8

2,9

104,3

Бастырылган дан буурчак өсүмдүктөрү (алгачкы кабыл алынган салмакта)

84,9

74,8

- 10,1

88,2

1 гектардан, ц

14,9

14,2

- 0,7

95,3

Бастырылган май алынуучу өсүмдүктөр

19,9

15,5

- 4,4

77,9

   1 гектардан, ц

11,2

10,5

- 0,7

93,8

Казылган кант кызылчасы (фабрикалык)

289,8

424,6

134,8

146,5

   1 гектардан, ц

504,2

479,8

- 24,4

95,2

Жыйналган тамеки (физикалык салмакта)

1,2

1,5

0,3

118,6

   1 гектардан, ц

26,5

28,2

1,7

106,4

Жыйналган пахта-чийки зат (физикалык салмакта)

73,0

59,9

- 13,1

82,1

   1 гектардан, ц

37,8

34,2

- 3,6

90,5

Казылган картошка аянты, миң га

74,2

72,5

- 1,7

97,7

Жыйналган картошка

1 261,5

1 272,9

11,4

100,9

    1 гектардан, ц

170,1

175,6

5,5

103,2

Жыйналган жашылчалар

1 079,2

1 128,8

49,6

104,6

Жыйналган бакча өсүмдүктөрү

225,1

233,3

8,2

103,6

Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү

267,1

272,8

5,7

102,1

Үстүбүздөгү жылдын жай айларындагы абанын аномалдуу жогору температуранын кесепетинен вегетациялык мезгилде буудайдын дүң жыйымы – 25,8%, арпанын жыйымы – 29,5 % кыскарды.

Дан буурчак, май өсүмдүктөрүнүн жана пахтанын жыйналуучу аянттары азайды. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 23-октябрына карата 52,9 миң гектар аянттан дан буурчак өсүмдүктөрү жыйналды, бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата 7,4% аз,  май өсүмдүктөрү 14,7 миң гектар аянттан жыйналды, же 17,2% аз, ал эми пахта -17,5 миң гектар аянттан жыйналды, же 9,4% аз.
 Муну менен катар, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу кант кызылчасынын дүң жыйымынын 46,5%, тамеки 18,6%, дан жүгөрү 6,7%, жашылча өсүмдүктөрүнүн 4,6% жана  бакча өсүмдүктөрү  3,6%  олуттуу көбөйүшү белгиленди.

 

Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 11.11.2023, 13:25