Кылкандуу дан өсүмдүктөрүн (дан буурчак өсүмдүктөрүн, күрүчтү, гречиханы жана жүгөрүнү эсептебегенде) жыйноо иштери аяктоодо

Басылмалардын датасы: 12.10.2016


Республикада кылкандуу дан өсүмдүктөрүн (дан буурчак өсүмдүктөрүн, күрүчтү, гречиханы жана жүгөрүнү эсептебегенде) жыйноо иштери аяктоодо. Ушул жылдын 23 сентябрына карата 450,4 миң  гектардан же жыйналуучу аянттын 98,4 пайызынан кылкандуу дан  өсүмдүктөрү чабылды.

 Жыйналган аянттан 1156,3 миң  тонна дан (кылкандуу дан  өсүмдүктөр, алгачкы кабыл алынган салмакта) бастырылып алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү күнүнүн деңгеелинде болгон.

Кылкандуу дан  өсүмдүктөрүнүн орточо түшүмдүүлүгү жалпы республика боюнча бир гектардан 25,7 центнерди (алгачкы кабыл алынган салмакта), өткөн жылдын тийиштүү күнүнө карата бир гектардан 24,7 центнерди түздү.

 

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгы                            \e-mail:gmupsabekova@stat.kg

                                                                                                                        | тел.+996 (312)664043

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магнитик жана башка алып жүрүучүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 18.10.2016, 16:36