2023-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштери аяктады

Басылмалардын датасы: 13.12.2023


Үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрына карата дан эгиндеринин абалы боюнча (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) 585,1 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,7% көп. Мында алгачкы кабыл алынган салмакта 1,7 млн. тонна дан жыйналды, бул 13,4% аз. Эгиндин көлөмүнүн төмөндөшү өткөн жылдын тиешелүү күнүнө салыштырганда кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн дээрлик 28% азайышы менен шартталган.

23-сентябрына карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышы
(миң тонна)

 

Иш жүзүндө

Өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата

 

2022

2023

+, -

пайыз менен

Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз), миң га

575,5

585,1

9,6

101,7

Бастырылган дан - бардыгы (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) (алгачкы кабыл алынган салмакта)

 1 927,5

1 669,0

- 258,5

86,6

1 гектардан, ц

33,3

28,5

- 4,8

85,6

Бастырылган буудай (алгачкы кабыл алынган

салмакта)

625,2

464,6

- 160,6

74,3

1 гектардан, ц

26,8

20,2

- 6,6

75,4

Бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган

салмакта)

572,2

403,2

- 169,0

70,5

1 гектардан, ц

24,4

16,7

- 7,7

68,5

Жыйналган дан жүгөрү

727,4

799,8

72,4

110,0

1 гектардан, ц

67,0

70,9

3,9

105,8

Бастырылган дан буурчак өсүмдүктөрү (алгачкы кабыл алынган салмакта)

85,0

76,1

- 8,9

89,6

1 гектардан, ц

14,9

14,2

- 0,7

95,3

Бастырылган май алынуучу өсүмдүктөр

20,0

15,5

- 4,5

77,5

   1 гектардан, ц

11,2

10,5

- 0,7

93,8

Казылган кант кызылчасы (фабрикалык)

437,5

600,8

163,3

137,3

   1 гектардан, ц

484,2

457,5

- 26,7

94,5

Жыйналган тамеки (физикалык салмакта)

1,2

1,5

0,3

118,6

   1 гектардан, ц

26,5

28,2

1,7

106,4

Жыйналган пахта-чийки зат (физикалык салмакта)

79,1

65,5

- 13,5

82,9

   1 гектардан, ц

36,6

37,2

0,6

101,6

Казылган картошка аянты, миң га

74,2

72,5

- 1,7

97,7

Жыйналган картошка

1 274,5

1 286,8

12,3

101,0

    1 гектардан, ц

171,8

177,3

5,5

103,2

Жыйналган жашылчалар

1 159,9

1 201,9

42,0

103,6

Жыйналган бакча өсүмдүктөрү

226,4

235,9

9,5

104,2

Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү

274,8

277,7

2,9

101,1

Үстүбүздөгү жылдын жай айларындагы абанын аномалдуу жогору температуранын кесепетинен вегетациялык мезгилде буудайдын дүң жыйымы – 25,7%, арпанын жыйымы – 29,5 % кыскарды.

Дан буурчак, май өсүмдүктөрүнүн жана пахтанын жыйноо аянттары азайды. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрына карата 53,6 миң гектар аянттан дан буурчак өсүмдүктөрү жыйналды, бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата 6,1% аз,  май өсүмдүктөрү 14,7 миң гектар аянттан жыйналды, же 17,2% аз жана пахта -17,6 миң гектар аянттан жыйналды, же 18,4% аз.

Муну менен катар, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу кант кызылчасынын дүң жыйымы 37,3%, тамеки 18,6%, дан жүгөрү 10,0%, бакча өсүмдүктөрү  4,2% жана  жашылча өсүмдүктөрү 3,6%  олуттуу көбөйүшү белгиленди.

 

Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 13.12.2023, 13:46