Айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо иштери аяктады

Басылмалардын датасы: 15.12.2020


Үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрына карата республиканын аймагында 2020-жылдын айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо иштери аяктады. 570,9 миң гектар аянттан дан өсүмдүктөрү жыйналды (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы эсепке албаганда) өткөн жылдын деңгээлинен 3,4 пайызга көп, бастырылган дан (алгачкы кабыл алынган салмакта) 1 926,1 миң тонна же 4,4 пайызга көп.


2020-жылдын 23-ноябрына карата боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышы

 

Иш жүзүндө

Өткөн жылдын тийиштүү күнүнө карата

 

2019

2020

+, -

пайыз менен

Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүдүктөрү, күрүч жана гречихасыз), миң га

552,2

570,9

18,7

103,4

Бастырылган дан - бардыгы (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т

1 845,6

1 926,1

80,5

104,4

1 гектардан, ц

33,2

33,4

0,2

100,6

бастырылган буудай (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т

636,6

666,7

30,1

104,7

бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т

494,5

542,0

47,5

109,6

Бастырылган дан буурчак өсүмдүктөрү (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т

114,6

112,9

- 1,6

98,6

Бастырылган май алынуучу өсүмдүктөр, миң т

32,0

24,4

- 7,6

76,4

Казылган кант кызылчасы (фабрикалык), миң т

739,2

448,8

- 290,4

60,7

Жыйналган тамеки (физикалык салмакта) миң т

0,92

0,99

0,07

107,4

Жыйналган пахта-чийки зат (физикалык салмакта) миң т

83,1

75,7

- 7,4

91,0

Казылган картошка аянты, миң га

79,2

76,3

- 2,9

96,3

Жыйналган картошка, миң т

1 372,2

1 327,2

- 45,0

96,7

1 гектардан, ц

171,1

171,8

0,7

100,4

Жыйналган жашылчалар, миң т

1 131,0

1 129,3

- 1,7

99,8

Жыйналган бакча өсүмдүктөрү, миң т

245,8

261,5

15,7

106,4

Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү, миң т

266,7

277,8

11,0

104,1

Буудайдын түшүмүн жыйноо аяктады, анын дүң жыйымы республика боюнча жалпысынан өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,7 пайызга өстү. Ошол эле учурда, Талас обласунун чарбаларында орточо республикалык көрсөткүчтөн ашып түштү,  ал 26,3 пайызга, Нарын - 25,9 пайызга, Чүй - 5,6 пайызга жана Ысык-Көл облусу - 5,4 пайызга көп жыйналды.

Жалпысынан, республикада арпанын дүң жыйымы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,6 пайызга, анын ичинде Талас облусунун чарбаларында - 28,6 пайызга, Баткенде - 13,9 пайызга, Жалал-Абадда - 12, 7 пайызга жана Чүй облусу - 11,1 пайызга.

Бакча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы республика боюнча жалпысынан 6,4 пайызга, анын ичинде Чүй облусунун чарбаларында - 14,2 пайызга, Талас облусунда - 4,7 пайызга жана Жалал-Абад облусунда - 3,4 пайызга өстү.

Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өндүрүүсү жалпысынан республика боюнча 4,1 пайызга өстү. Орточо республикалык көрсөткүчтөн Ысык-Көл облусунун чарбаларында - 18,1 пайызга, Талас облусунда - 8,5 пайызга жана Баткен облусунда - 4,9 пайызга өстү.

Муну менен катар, ушул жылдын 23-октябрына карата картошка өндүрүү өткөн жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу 3,3 пайызга азайган, анын ичинде Баткен облусунун чарбаларында - 7,5 пайызга, Ысык-Көлдө - 4,9 пайызга, Таласта - 4,7 пайызга жана Жалал-Абад облусуда - 4,4 пайызга азайган.

Жалпы республика боюнча жашылчалардын өндурүүсү 0,2 пайызга азайган, анын ичинде Талас облусунун чарбаларында - 7,9 пайызга, Нарын - 3,1 пайызга, Ош - 2,3 пайызга жана Жалал-Абад облусунда – 0,7 пайызга азайган.

Жалпы республика боюнча кант кызылчасын өндүрүүсү 39,7 пайызга азайган, анын ичинде Чүй облусунун чарбаларында - 39,6 пайызга жана Талас облусунда - 27,2 пайызга азайган.

 

________________________________________________________________________________________________________
Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 15.12.2020, 11:10