Ички дүң продукт 5,3 пайызга өстү

Басылмалардын датасы: 11.04.2019


2019-жылдын январ-мартында ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 104 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,3 пайызга жогорулады.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2019-жылдын январ-мартында, ички дүң продуктунун көлөмү 91 миллиард сомго жакынды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 пайызга пайызга өстү.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2019-жылдын январ-мартында 64 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 14,2 пайызга жогорулады. Өнөр жай продукциясынын өсүшү металл рудаларын казып алуунун (2,2 эсеге пайызга), көмүрдү өндүрүүнүн (29,5 пайызга), мунайзат жана жаратылыш газынын (16,9 пайызга), негизги металлдарды өндүрүүнүн (40,1 пайызга) жана кийимдерди өндүрүүнүн (29,2 пайызга), ошондой эле башка металл эмес минералдык продуктулардын (9,3 пайызга)  өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

Айыл чарбасында реалдуу өсүү 1,8 пайызды, курулушта өсүү 3,1 пайызды, ошондой эле дүң жана чекене соодада өсүү 4,2 пайызды түзүп, оң тенденциялар байкалган.

Керектөө чөйрөсүндө 2019-жылдын мартында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу керектөө товарларына жана кызматтарына баалар жана тарифтер өгөрүүсүз сакталды.

Мунун ичинде, баалар азык-түлүк продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга 0,4 пайызга, тамеки заттарына 11,6 пайызга жогорулаган, ошол эле мезгилде баалардын төмөндөөсү азык-түлүк эмес товарларга 1,2 пайызга, кызматтарга 0,8 пайызга жана алкоголдук ичимдиктерге 0,1 пайызга байкалган.

Аймактар боюнча, үстүбүздөгү жылдын март айында өткөн жылдын декабр айына салыштырмалуу, керектөө бааларынын жана тарифтердин эң көп жогорулоосу Чүй жана Нарын облустарында 0,7 пайызга белгиленген, башка облустарга салыштырмалуу бул облустарда баалардын азык түлүк продуктуларына 2,1 пайызга жана алкоголсуз суусундуктарга 1,9 пайызга жогорулаганы байкалган. Ушуну менен бир катарда, үстүбүздөгү жылдын январ-мартында керектөө бааларынын Ош шаарында 0,6 пайызга, Ош облусунда 0,5 пайызга жана Баткен облусунда 0,1 пайызга төмөндөөсү белгиленген.

Республиканын тышкы соода ишмердиги, алдын ала маалыматтар боюнча 2019-жылдын январ-фералында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 885 миллион АКШ долларына жакынды түзүп, 2018-жылдын январ-февралына салыштырмалуу 11,1 пайызга төмөндөгөн. Ошону менен бирге, импорттук  келип түшүүлөр 14,5 пайызга, ал эми экспорттук коюулар 0,3 пайызга кыскарган.

ЕАЭБке мүчө мамлекеттер менен, 2019-жылдын январ-февралында өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 306  миллион АКШ долларынан ашып, 2018-жылдын январ-февралына салыштырмалуу  10,7 пайызга төмөндөгөн. Анын ичинде, экспорт 24,8 пайызга, ал эми импорт 4,9 пайызга төмөндөгөн.

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттер менен республиканын соода жүгүртүүсүндө эң чоң үлүштөр Россия менен 58,1  пайызды жана Казахстан менен 40,4  пайызды түзгөн.

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен Кыргыз Республикасынын өз ара соодасы
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

              Импорт                                                                                               Экспорт

Мындан тышкары, пресс-конференциянын катышуучуларына республиканын тышкы жана өз ара соодасынын негизги көрсөткүчтөрүн, кылмыштуулуктун абалын жана туризмди өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрүн мүнөздөгөн маалыматтар берилди.

Презентациялар:

****

Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык-статистикалык тутуму өлкөдөгү маанилүү маалыматтык тутумдардын бири катары базар экономикасынын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык,  кономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө статистикалык байкоо, иштеп чыгуу жана статистикалык маалыматтарды таратуунун жаңы методдоруна негизделген, эл аралык эрежелерге жана стандарттарга ылайыктуу маалыматтар менен камсыз кылат. Кененирээк маалымат алуу жана интервью уюштуруу үчүн басма сөз катчысына кайрылыңыз:

тел.: + 996 (312) 625 747

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Дареги: Фрунзе көч.: 374 (Т. Молдо көчөсү кесилишет).

Биз байланыштабыз:

www.stat.kg   

Facebook

тел.625747


Акыркы жаңылоо: 11.04.2019, 14:49