ПРЕСС-АНОНС: 2021-жылдын январь-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жыйынтыктары

Басылмалардын датасы: 09.12.2021


Ар бир айдын биринчи декадасында Улуттук статистика комитети республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомчулукту кабардар кылып туруу максатында, пресс-конференция өткөрүп турат. Анда мамлекеттик башкаруу органдары, жалпыга маалымдоо каражаттары, изилдөөчүлөр жана коомдук уюмдар жана башкалар пайдалана турган расмий статистикалык маалыматтар тааныштырылат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучулары менен ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү жөнүндө маалыматтар жана республиканын жана анын аймактарынын өнөр жай өндүрүшү, ЕАЭБнын мүчө мамлекеттери жана үчүнчү өлкөлөр менен экспорттук-импорттук операциялар жөнүндө маалыматтар менен бөлүшөт.

Басма сөз жыйынында Улуттук статкомдун кызматкерлери келерки жылдын жазында өткөрүлө турган Кыргыз Республикасынын калкын жана турак-жай фондун каттоо боюнча Улуттук статистика кызматы көрүп жаткан даярдыктар туурасында жана 2021-жылдын 9 айдын жыйынтыгы боюнча өлкөгө тартылган инвестициялар жөнүндө статистикалык маалыматтар айтылат.

Өтө турган убактысы: 2021-жыл, 10-декабры. Башталышы: саат 10.00

Өтө турган жери:: Улуттук статистика комитети, 720033, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, Пресс-борбор (1 кабат)

Сүйлөй тургандар:            

  • Турдубаева Ч.С., байланыш жана статистикалык маалыматтарды таркатуу бөлүмүнүн башчысы;
  • Бирюкова В.И., статистикалык инвестиция бөлүмүнүн башчысы;
  • Макешов М.М., басма-сөз катчысы ;    
  • Тукашева А.К., статистикалык каттоо жана геомаалыматтык тутум бөлүмүнүн адиси

Мындан тышкары журналисттер кызыккан суроолору боюнча Улуттук статкомдун тиешелүү бөлүмдөрүнүн башчыларынан маалымат же кеңеш ала алышат.

Дагы толук маалымат алуу жана интервью уюштуруу үчүн басма сөз катчысы Макешов Мактумкули Макешовичке кайрылсаңыздар болот. тел.625747, (уюл: 070060-69-52) e-mail: smi_nsc@stat.kg

                                                                                                    *****

КР Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы өлкөнүн бирден бир маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы катары рынок доорунун заманбап талаптарына жооп берет. Мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республикадагы социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абал боюнча зарыл болгон маалыматтар менен камсыз кылып турат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, илимий иштерде, маалымат тармактарында таратууда, кагаз, магниттик алып жүрүүлөрдө жана башка маалымат алып жүрүүчү жабдыктарында колдонуучулар статистикалык маалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. («Мамлекеттик статистика жөнүндөгү» мыйзамдын 17-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 09.12.2021, 18:23