Улуттук статистика комитетинин штатынын кыскарышы эмнеге алып келиши мүмкүн

Басылмалардын датасы: 11.08.2021


2021-жылдын 10-августунда АКИpress Маалымат агенттигинин жаңылыктар тизмегинде «Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун штаты 26 адамга көбөйтүлдү" деген аталышта статья жарыяланганын эсиңиздерге сала кетели.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети мурда ушул жылдын мартында Улутстаткомдун ведомстволук бөлүмү Башкы эсептөө борборунун кызматкерлеринин санын 35%га же 37 адамга кыскартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол коюлганы жөнүндө маалымдайт. Бирок, аны алдыда ккийинки жылдын мартында өткөрүү болжолдонгон эл жана турак жай фондун каттоого карата даярдык боюнча жүргүзүлгөн талдоо, кызматкерлердин ушул аталган саны кыскартылса, белгиленген иш-чаралардын үзгүлтүккө учурашына алып келиши мүмкүн экенин көрсөттү.

Эл жана турак жай фондун каттоону ийгиликтүү өткөрүү максатында Улутстаткомдун Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар борбору (мурдагы Башкы эсептөө борбору) каттоо персоналы үчүн сервердик жабдууларды, шифрленген байланыш каналдарын даярдоого, иштелип чыккан автоматташтырылган маалыматтык системаларды жана башка маанилүү иш-чараларды техникалык жактан колдоого байланышкан бир катар даярдык иштерин жүргүзүшү керек болот.

Алдыда жасала турган иштердин олуттуу көлөмүн эске алуу менен Улутстаткомдун жетекчилиги кыскартыла турган кызматкерлердин санын 35% дан 10% га чейин өзгөртүү чечимин кабыл алды. Натыйжада, жогоруда аталган статьяда көрсөтүлгөндөй Улутстаткомдун Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар борборунун кызматкерлеринин саны көбөйтүлбөстөн, кыскарды.

Белгилей кетүүчү жагдай, эл каттоо - бул калктын социалдык жана экономикалык абалы жөнүндө маалыматтарды алуунун маанилүү булагы болуп саналат. Муну менен бирге, калктын билим деңгээли, нике жана үй -бүлөнүн түзүлүшү жана өлкөнүн этнолингвистикалык курамы сыяктуу маалыматтарды калкты жалпы каттоонун натыйжалары боюнча гана алууга болот.

Эл каттоонун жыйынтыктары демографиялык жана социалдык саясатты иштеп чыгуу үчүн да, ошондой эле өлкөнүн жана анын региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдору жана программалары үчүн да кеңири колдонулат.

Азыркы учурда «Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 26-июнундагы
№278 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Улутстаткомдун түзүмүн оптималдаштыруу боюнча иштер жүрүп жатат.

           

Адам ресурстары жана
укуктук камсыздоо башкармалыгы                                                   /e-mail:gesenkurmanova@gmail.com / тел.+996 (312) 664165


Акыркы жаңылоо: 12.08.2021, 09:03