Улутстатком «Кыргыз Республикасындагы аялдар жана эркектер» аталышындагы статистикалык жыйнактын бет ачарын өткөрдү

Басылмалардын датасы: 01.12.2021


Бүгүн, 2021-жылдын 1-декабрында Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасындагы аялдар жана эркектер» статистикалык жыйнагынын жаңыланган версиясынын бет ачары өткөрүлдү.

Иш-чараны ачып жатып, Улутстаткомдун аппаратынын жетекчиси Элмира Алымкулова конокторду жана жыйындын катышуучуларын куттуктап, башкаруу органдарынын кызматкерлери, илимий-эксперттик чөйрөлөр, профессордук-окутуучулук курам жана башка колдонуучулар үчүн республиканын жана анын региондорунун бөлүктөрүндө гендердик-бөлүнүүлөрдүн көрсөткүчтөрдү камтыган статистикалык басылмаларды чыгаруунун зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасындагы ЮНФПАнын калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча жаштардын маселелери боюнча улуттук программасынын талдоочусу Бактыбек Кайназаров, ЮНФПА менен Улутстатком  эл каттоо,  демографиялык жана гендердик статистика боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» КФ башкармалыгынын төрайымы Лариса Илибезова аялдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча 16-күндүк кампаниянын жүрүшүндө жыйнактын бет ачарынын маанилүүлүгүн белгиледи. «Бүгүнкү күндө гендердик статистика гендердик теңчиликти илгерилетүүдө чыныгы маалыматтарды көзөмөлдөгөндүктөн, көрсөткүчтөрдү түзөт, максаттарга жетүү үчүн прогрессти өлчөйт жана аялдардын укуктарын кеңейтүүдө маанилүү ролду ойнойт » деди ал.

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун кызматкерлери бет ачардын жүрүшүндө катышуучуларга жыйнактын жаңыланган түзүмүн, анын ичинде кошумча маалыматтарды жана графикалык сүрөттөрдү тартуулашты. Мындан тышкары, гендердик демографиялык процесстер, аялдар жана эркектер арасындагы жумуш менен камсыз болуу жана жумушсуздук, алардын жашоо деңгээли, билим деңгээли,үй жумуштарына убакытты пайдалануу, аялдар менен эркектердин бош убактысын пайдалануу, ооруп калуу жана майыптуулук, аялдарга жана балдарга карата жасалган кылмыштар, ошондой эле гендердик-бөлүнүү көрсөткүчтөрү боюнча Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) жетишүүнү мүнөздөгөн маалыматтар тартууланды.

Жыйындын жүрүшүндө басылманын бет ачары боюнча пикир алмашуу болуп, бир катар суроолор берилип, аларга Улутстаткомдун кызматкерлери жооп беришти.



Акыркы жаңылоо: 01.12.2021, 16:52