2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Бишкек шаардык комиссиясынын отуруму болуп өттү

Басылмалардын датасы: 27.09.2019


Үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрында 1-Май райондук администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун төрагасынын орун басары К.О. Исалиевдин жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри А.К. Бакетаевдин катышуусу менен   2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Бишкек шаардык комиссиясынын төртүнчү отуруму болуп өттү. 

Отурумда эл каттоо учурунда мобилдик тиркемени колдонуу ыкмалары жана техникалык жактары тууралуу, ошондой эле 2020-жылы Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун календарлык планын аткаруу тууралуу тааныштыруу презентациясы көрсөтүлдү.   

Отурумдун жүрүшүндө Бишкек шаарында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү боюнча айрым иш-чараларды аткаруунун жүрүшүндө жарала турган көйгөйлүү маселелер талкууланды. Ошондой эле каттоонун өзү өткөрүлгөн учурда каттоочулардын коомдук жалпы шаардык транспортто акысыз жүрүшүн камсыз кылуу тууралуу, аталышы жок көчөлөргө аталыштарды таандыктап берүү, ошондой эле көчөлөрдүн аталыштары жана үйлөрдүн номерлери менен табличкаларды берүү тууралуу маселеси көтөрүлдү.

 

_________________________________________________________________________________________________

Статистикалык каттоолор бөлүмү       e-mail: r.chynybaeva@stat.kg         тел. + 996 (312) 32 53 36

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 30.09.2019, 13:42