Улутстатком ачык эшиктер күнүн өткөрөт

Басылмалардын датасы: 21.11.2023


Үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында “Статистика бардыгы үчүн, статистика ар бири үчүн” темасында ачык эшиктер күнү болот.

Иш-чара министрликтердин жана административдик ведомстволордун, илимий чөйрөлөрдүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомчулуктун, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт. Бул иш-чаранын алкагында катышуучуларды эл каттоонун жыйынтыктары боюнча, демографиялык өнүгүү тенденциялары, калктын билим деңгээли жана сабаттуулугу жөнүндө маалыматтар менен тааныштыруу, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчү катары ички дүң продукт, эмгек акы жана аны эсептөө ыкмалары, ошондой эле ТӨМдүн көрсөткүчтөрү жана алардын мониторинги жөнүндө колдонуучулар үчүн эң кызыктуу маалыматтарды камтыган бир катар презентацияларды көрсөтүү каралган.

Өтө турган жери: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Бишкек ш., Фрунзе көч., 374, 4-кабат, жыйындар залы, башталышы саат 10.00.

Баяндамачылар:

  • Г.Т. Абдуллаева - демографиялык статистика бөлүмүнүн башчысы;
  • Э.К. Исенкулова - экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын начальниги;
  • Г.Ж. Джайлобаева - Эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
  • А.Т. Кошматова – социалдык статистика бөлүмүнүн башкы адиси;
  • Н.К. Керималиева – Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары;
  • Ч.С. Турдубаева - Жыйынтыктоо иштери жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы.

 

Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47, уюлдук тел.: 0(700) 79-53-54, Тукашева Айзада e-mail: statistica.kg@gmail.com

Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mailstatistica.kg@gmail.com дарегине жазыңыздар.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 21.11.2023, 11:30