Улутстатком административдик маалыматтарды өндүрүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү күчөттү

Басылмалардын датасы: 30.11.2023


 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети БУУнун Кыргыз Республикасындагы Калкты жайгаштыруу фонду менен биргеликте санариптештирүүнү киргизүү жана административдик маалыматтарды алуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруунун алкагында семинар өткөрдү.

Семинардын негизги максаты «Түндүк» тутумуна ийгиликтүү киргизүү жана калктын табигый кыймылы жана миграция боюнча маалыматтарды пайдалануу максатында улуттук статистика тутумунун потенциалын жогорулатуу, ошондой эле административдик маалыматтарды өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү болуп саналат.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн калк жөнүндө расмий маалыматтардын булагы катары Кыргызстандагы санариптик трансформация саясаты, Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри, Cанариптик өнүктүрүү министрлигинин жана Cаламаттык сактоо министрлигинин калктын табигый кыймылы жана миграция боюнча маалыматтарга тиешелүү болгон автоматташтырылган маалымат тутумдарындагы өзгөрүүлөр, ошондой эле ведомстволук маалыматтык тутумдарды интеграциялоонун көйгөйлөрү тууралуу маалыматтар менен таанышышты. Административдик жана ири маалыматтар боюнча улуттук эксперт менен биргеликте маалыматтарды чогултууда, иштеп чыгууда жана жайылтууда статистикалык стандарттарды колдонуу, ошондой эле «Түндүк» тутумунун жардамы менен алынган административдик маалыматтардын сапаты жана толуктугу тууралуу маселелер талкууланды.

Семинарга Улутстаткомдун жана региондук статистика башкармалыктарынын кызматкерлери, ошондой эле “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумунун жардамында берилүүчү калктын табигый жана миграциялык кыймылы боюнча административдик маалыматтардын сапатын жогорулатуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү, анын ичинде Cанариптик өнүктүрүү министрлигинин, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун жана Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын адистери катышышты.

 

 

Демографиялык статистика бөлүмү  e-mail: gabdullaeva@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324636.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)


Акыркы жаңылоо: 30.11.2023, 16:23