Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин кезектеги отуруму отурумдун координатору - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Г. Мадеминовдун төрагалыгы алдында өттү

Басылмалардын датасы: 25.02.2016


Бүгүн, 2016-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин кезектеги отуруму отурумдун координатору - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Г. Мадеминовдун төрагалыгы алдында өттү.  

 “Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын         7-мартындагы №54 ПЖ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын  8-февралындагы №28 ПЖ Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин отуруму жаңы курамда өттү.

Кеңештин отурумунун жүрүшүндө Улутстаткомдун 2015-жылдагы ишмердигинин жыйынтыктары жана 2016-жылга карата пландаган тапшырмалары каралды.

Мамлекеттик статистика органдарынын ишинин жыйынтыктарын чыгарууда Статистика боюнча кеңештин мүчөлөрү тарабынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен товарларды өз ара соодалоонун статситикасын уюштуруу жана киргизүү, статистикалык отчеттуулуктарды топтоону электрондук формага өткөрүү, мамлекеттик статистиканын 90 жылдыгын өткөрүүгө арналган          иш-чаралар сыяктуу маселелер каралды.   

Статистика боюнча кеңештин отурумунда “2016-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы №854 токтомунун аткарылышы өзүнчө маселе катары каралды.

“2016-жылга карата республикалык бюджет жана 2017-2018-жылдарга карата орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгын эске алсак, 2016-жылдагы айыл чарба каттоосун өткөрүүгө акча каражатын бөлүү каралган эмес, Статистика боюнча кеңештин мүчөлөрү тарабынан айыл чарба каттоосун республикалык бюджеттен жетиштүү финансылык ресурстардын бөлүнүшүнө жараша башка убакытка жылдыруу жана айыл чарба каттоосун жаныбарларды идентификациялоо менен бирге жүргүзүү сунушталды. Жогоруда айтылгандардын негизинде ““2016-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн           2012-жылдын 25-декабрындагы №854 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыгат.

Статистиканы уюштуруу жана координациялоо бөлүмү

e-mail germekbaeva@stat.kg

тел. + 996 (312) 625639

 

 

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 29.02.2016, 14:33