“Иш менен камсыз кылуу жана жумушсуздук. 2021-жылдагы үй чарбалардын бюджетинин жана жумушчу күчүнүн интеграцияланган тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыктары” жылдык басылмасы басып чыгарууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 01.11.2022


Сунушталган басылма Улутстатком тарабынан жыл сайын жүргүзүлгөн үй чарбалардын бюджетинин жана жумушчу күчүнүн интеграцияланган тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыктарынын негизинде даярдалды. Ал 2021-жылдагы жумушчу күчү, иштеген жана жумушсуз калктын аймактар, жыныс, билим деңгээли, экономикалык ишмердиктин түрлөрү, иштеген иши жана башка көрсөткүчтөр боюнча бөлүнүшү жөнүндөгү маалыматтарды камтыйт. Басылмада жумушчу күчүнүн (иштегендердин жана жумушсуздардын) санын жана курамын, жумушчу күчүнө катышуу деңгээлин, иш менен камсыз кылуунун жана жумушсуздуктун деңгээлин, ошондой эле потенциалдуу жумушчу күчү сыяктуу жумушчу күчүнүн толук пайдаланылбагандыгын мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдү, жумушсуздуктун деңгээлинин жалпы көрсөткүчүн жана потенциалдуу жумушчу күчүн мүнөздөгөн маалыматтар берилет. Жумуш убактысын, формалдуу эмес сектордогу иш менен камсыз кылууну, 15-28 жаштагы жаштардын эмгек рыногундагы абалын, калктын эмгек ишмердигинин башка түрлөрүнө катышуусун мүнөздөгөн маалыматтар көрсөтүлгөн.
 

Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунун негизги көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтар 2012-2021-жылдардагы динамикада берилген.

 

Эмгек жана иш менен
камсыз кылуу
статистикасы бөлүмү                                   |e-mail:jailobaeva@stat.kg;                         |тел. + 996 (312)  62 60 76

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 01.11.2022, 16:05