«Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк инвестициялары бар ишканалардын ишмердиги 2017-2021» басылмасы чыгарууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 11.10.2022


Басылма өткөн жылдарга салыштырганда 2021-жылдагы бул ишканалардын ишмердигинин көрсөткүчтөрүнүн кыскача талдоосун камтыйт. Чет өлкөлүк инвестициялары бар, иштеп жаткан ишканалардын саны, анда иштегендердин саны, ишканалардын финансылык-чарбалык ишмердиги, ошондой эле өнөр жай продукциялары (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) сыяктуу айрым өндүрүштүк көрсөткүчтөр, дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо, ошондой эле транспорт жана байланыштын көлөмү тууралуу маалыматтар берилет. Ишканалардын тышкы экономикалык ишмердиги, негизги капиталга инвестиция жана чет өлкөлүк инвесторлордон түшкөн инвестициялар жөнүндө маалыматтар камтылган.

Жыйнактын электрондук версиясы колдонуучулар үчүн Улутстаткомдун расмий (www.stat.kg) сайтынын «Басылмалар» бөлүмүндө жеткиликтүү.

_____________________________________________________________________

    Финансы статистикасы бөлүмү        |     e-mail: m.abdukadirova@stat.kg     |              тел. + 996 (312) 626073

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме жасоого милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 11.10.2022, 13:36