«Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто ишкерлик-2017-2021» статистикалык басылмасы басууга даярдалды.

Басылмалардын датасы: 11.10.2022


Басылма 2017-2021-жылдардагы Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто ишкерликтин абалынын жана өнүгүүсүнүн кыскача талдоосун, экономикалык ишмердиктин түрлөрү жана аймактары боюнча статистикалык маалыматтарды камтыйт. Жыйнакта иштеген ишканалардын санын, андагы иштеген жумушчулардын санын, финансы-чарбалык жана тышкы экономикалык ишмердикти, ошондой эле чакан жана орто ишкерлик субъекттеринин ишмердигинин өндүрүштүк көрсөткүчтөрүн мүнөздөгөн статистикалык таблицалар жана графиктер жайгаштырылган. Дыйкан (фермердик) чарбаларынын жана жеке ишкерлердин ишмердиги жөнүндө маалыматтар камтыган.

Басылмада ишканалардын типтеринин классификаторунун негизги схемасы жана көрсөткүчтөргө кыскача методологиялык түшүндүрмөлөр жайгаштырылган.

Жыйнактын электрондук версиясы колдонуучулар үчүн Улутстаткомдун расмий (www.stat.kg) сайтынын «Басылмалар» бөлүмүндө жеткиликтүү.

_______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү         |      e-mail: m.abdukadirova@stat.kg     |      тел. + 996 (312) 664209

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 11.10.2022, 13:39