Улутстаткомдун өкүлдөрү эл аралык эксперттер тобунун эл жана турак жай фондун каттоо боюнча ишине катышты

Басылмалардын датасы: 03.10.2022


2022-жылдын 19-сентябрынан 23-сентябрына чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясы (БУУ ЕЭК) эл жана турак жай фондун каттоо жумалыгын өткөрдү (Женева, Швейцария) .

2022-жылдын 19-20-сентябрынан тартып эл жана турак жай фондунун каттоосун өнүктүрүү боюнча семинар, ал эми 2022-жылдын 21-23-сентябрында-эл аралык эксперттер тобунун  эл жана турак жай фондунун каттоо боюнча отуруму болуп өттү.

Иш-чаранын максаты-катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда эл жана турак жай фондун каттоо жаатында тажрыйба алмашуу, эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча билимдерди жана көндүмдөрдү жогорулатуу, эл жана турак жай фондун каттоо жаатында европалык статистиктердин конференциясынын сунуштамаларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинен алардын ишине Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов жана статистикалык каттоо жана геомаалыматтык тутумдар бөлүмүнүн башчысы Римма Чыныбаева катышты.

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун төрагасы презентация менен чыгып, анда Кыргызстан биринчи жолу каттоочулардын өздөрүнүн мобилдик түзүлүштөрүн пайдалануу менен калкты жана турак жай фондун электрондук форматта каттоону жүргүзгөндүгүн белгилди.

Ошондой эле каттоонун инновациялары жана методологиясы боюнча бир катар өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөө, жаңы маалымат булактарын пайдалануу, каттоо маалыматтарынын сапатын баалоо жана колдонуучулардын керектөөлөрүн канааттандыруу маселелери талкууланды.

Иш-чараны аяктоо боюнча эл жана турак жай фондун каттоонун натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу боюнча сунуштар жана сунуштамалар иштелип чыкты.

            

           

           

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 04.10.2022, 13:45