Улутстаткомдо жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте миграция жана жумушсуздуктун деңгээли маселеси талкууланды

Басылмалардын датасы: 13.10.2022

Бүгүн, 2022-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде “Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу” программасынын (EGED) финансылык колдоосу менен “Миграция. Жумушсуздуктун деңгээли” аттуу семинар болуп өттү.

Семинарды Улутстаткомдун төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов жана “Өнүктүрүү саясаты институту” коомдук уюмунун төрайымы Надежда Добрецова ачып, статистикалык маалыматтарды пайдалануунун сапатын көтөрүү максатында ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүп туруунун маанилүүлүгү жогору экендигин белгилеп өтүштү.  

Маалыматтык семинардын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери жарандык коомдун өкүлдөрүн Улутстаткомдун расмий сайтындагы маалыматтарды алуу жолдору, ошондой эле жалпы жана катталган жумушсуздуктун деңгээлинин көрсөткүчтөрү менен тааныштырышты. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында болуп жаткан миграциялык өзгөрүүлөр талкууланды.

Тараптар коомдук кызыкчылыктарды жана муктаждыктарды илгерилетүү, ошондой эле Улутстатком менен колдонуучулардын ортосундагы миграция жана жумушсуздуктун деңгээли жөнүндөгү статистикалык маалыматтарды жайылтуу боюнча ачык диалогду түзүү үчүн зарыл болгон статистикалык маалыматтарды даярдоо жаатында жемиштүү кызматташа тургандыгын билдиришти.

Семинар жакында кол коюлган Улутстатком менен “Өнүктүрүү саясаты институту” коомдук уюмунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумду жүзөгө ашыруунун алкагында уюштурулду.

Акыркы жаңылоо: 18.10.2022, 10:28