Улутстаткомдо Миграция боюнча эл аралык уюмдун координаторунун катышуусунда миграция саясаты жана эмгек миграциясы месалелери талкууланды

Басылмалардын датасы: 21.10.2022


Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунда Миграция боюнча эл аралык уюмдун Борбор Азия боюнча субрегиондук координатору - Миграция боюнча эл аралык уюмдун Кыргызстандагы башкы миссиясы Зейнал Гаджиев жана Миграция боюнча эл аралык уюмдун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Бермет Молдобаева менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жетекчилигинин жолугушуусу болуп өттү.    

Тараптар Улутстатком менен Миграция боюнча эл аралык уюмдун ортосундагы миграция саясаты жана эмгек миграциясы маселелери боюнча эки тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу маселелерин талкуулашты.  

Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов жолугушуунун катышуучуларына кайрылып, Улутстатком башка мамлекеттик органдар менен биргеликте миграциялык процесстерди мүнөздөгөн маалыматтарды чогултууну жакшыртуу боюнча ишмердикти камсыз кыла тургандыгын белгилеп өттү.

Миграция боюнча эл аралык уюмдун башчысы З. Гаджиев Кыргызстанды Эл жана турак жай фондун каттоону ийгиликтүү аякташы жана өлкөнүн жети миллионунчу жаранынын төрөлүшү менен куттуктады. Ал эмгек миграциясы боюнча ишенимдүү жана сапаттуу маалыматтар миграция жаатындагы олуттуу болжолдоолорду жасоого жана тийиштүү иштерди жүргүзүүгө жардам бере тургандыгын белгиледи. Тараптар Кыргызстандагы коопсуз миграцияны илгерилетүүгө жана миграция жаатындагы улуттук статистиканы өркүндөтүүгө багытталган кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин билдиришти.


Акыркы жаңылоо: 21.10.2022, 18:07