Ошто Улутстаткомдун кеңейтилген коллегиянсынын отуруму өтүп жатат

Басылмалардын датасы: 17.02.2017


Бүгүн, 17-февралда, Ош облустук мамлекеттик статистика башкармалыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин Коллегиясынын кеңейтилген отуруму, облустук жана шаардык администрациялардын, Борбордук аппараттын, Башкы эсептөө борборунун өкүлдөрүнүн, мамлекеттик статистиканын облустук, (шаардык) башкармалыктарынын жана райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусу менен өтүп жатат.

2016-жылда мамлекеттик статистика органдарынын иштеринин жыйынтыктары жана 2017-жылга тапшырмалар боюнча доклад менен чыгып, КР Улутстаткомунун төрагасы Акылбек Султанов, өткөн жылдагы Улутстаткомдун ишмердүүлүгүн, жетишкендиктерин жана 2017-жылы аткарылуучу иш пландарын белгиледи. Анын айтымында,  үстүбүздөгү жылда, маалыматтарды респонденттерден электрондук жыйноо, структуралык бөлүмдөрдүн материалдык-техникалык базасын  жана статистика органдарында иштеген кызматкерлердин материалдык абалын жакшыртуу маселелери каралат.

Мамлекеттик статистиканын облустук, (шаардык) башкармалыктарынын жана райондук бөлүмдөрүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик статистика органдарынын мыкты кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды.

Коллегиянын кеңейтилген отурумунда, ошондой эле, Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары А.Оросбаев, Башкы эсептөө борборунун башчысы О.Курманкулов, Баткен облустук статистика башкармалыгынын башчысы М.Эргешов, Жалал-Абад облустук статистика башкармалыгынын башчысы Ж.Садыралив жана башкалар чыгып сүйлөштү.


Акыркы жаңылоо: 17.02.2017, 14:05