Өнөр жайда өндүрүштүн көлөмүнүн төмөндөшү байкалууда

Басылмалардын датасы: 12.02.2016


2016-жылдын январында 2015-жылдын январы менен салыштырмалуу өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү баалуу металлдарды өндүрүүнүн кыскарышынын эсебинен 40,7 пайызга төмөндөдү. Ошондой эле өткөн жылдын январынын деңгээлинен олуттуу артта калуу курулуш кирпичтерин, айнек тилкелерин жана цементти чыгаруунун азайышынын эсебинен башка металл эмес минералдык продуктулар өндүрүшүндө белгиленди. 2015-жылдын январына салыштырмалуу тамак-аш азыктар өндүрүшүндөгү төмөндөө макарон азыктарын, ун жана акшак, сүт азыктарын чыгаруунун кыскарышынын эсебинен 12 пайызды түздү. Электр энергия өндүрүү, аны берүү жана бөлүштүрүүнүн көлөмү 11,3 пайызга кыскарды.

Муну менен бирге ү.ж. январында мунайзатты 2,2 эсеге жана пайдалуу кендерди - 20,5 пайызга казуунун көбөйүүсүнүн эсебинен пайдалуу кендерди казуунун өсүүсү белгиленди. Мунайзат продуктуларын өндүрүүнүн көлөмү 6 пайызга көбөйдү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн азайышы Нарын облусун жана Ош шаарын кошпогондо бардык региондордун ишканаларында болду.

 

 

 

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү

e-mail anurbaeva@stat.kg

тел. + 996 (312) 664044

 

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 12.02.2016, 11:32