Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында республиканын тышкы экономикалык ишмердиги негизги көрсөткүчтөрдүн төмөндөшү менен мүнөздөлдү

Басылмалардын датасы: 20.11.2015


Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсу алдын ала маалыматтар боюнча (бажы статистикасынын маалыматтарын кошо эсептегенде) 2015-ж. январь-сентябрында 4,2 млрд. АКШ долларын түздү.

         Өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырганда тышкы сооданын көлөмү жалпысынан 18 пайызга, анын ичинде экспорт - 5 пайызга, импорт - 21 пайызга кыскарды.

         Алтынды эсептебегенде экспорттун көлөмү негизинен КМШ өлкөлөрүнө (24,2 пайызга) жана КМШдан тышкаркы өлкөлөргө (26,9 пайызга) товарларды жөнөтүүнүн азайышынын эсебинен 25 пайызга төмөндөдү.

         Ошол эле убакта, 9 айдын товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмүндөгү экспорттун үлүшү 25 пайызга жыкындап, 2014-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 3,4 пайыздык пунктка көбөйдү.

        Экспорттун жалпы көлөмүнүн азайышы кийим жана ага тийешелүү буюмдарды, жашылчаларды жана мөмө-жемиштерди, минералдык отунду жөнөтүүнүн кыскарышы менен шартталды.

         Бирок, экспорттун көлөмүнүн жалпы төмөндөшүнө карабастан алтынды жөнөтүү өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырганда дээрлик 29 пайызга көбөйдү. Алтындын товардык түзүмүндөгү үлүшү экспорттун жалпы көлөмүнүн  жарымын түздү.

          Товардык түзүмдөгү импорттук түшүүлөрдүн төмөндөшү машиналарды жана транспорт жабдууларын (1,6 эсеге), мунай жана мунай зат продуктуларынын (23,6 пайызга), ошондой эле дан жана дан азыктарын  (12,7 пайызга) ташып келүүнүн көлөмүнүн азайышынын эсебинен байкалды. 

___________________________________________________________________________________________________________

Тышкы экономикалык

ишмердик статистикасы                           |e-mail:gsulaimanova@stat.kg;            |тел. + 996 (312) 324726

бөлүмү                                                    |e-mail:g.shayahmetova@stat.kg;        |тел. + 996 (312) 324637

                                                      

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүучүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 24.11.2015, 15:38