Дүйнөлүк банк Улуттук статистикалык системаны модернизациялоодо Улутстаткомду колдоого даяр экендигин билдирди

Басылмалардын датасы: 03.10.2022


Бүгүн, 2022-жылдын 3-октябрында, Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун Дүйнөлүк банктын кедейлик жана бакубатчылык маселелери боюнча дүйнөлүк практиканын жетекчиси Салман Заиди менен жолугушуусу болуп өттү.

Улутстаткомдун башчысы биргелешкен иш-чараларга кыскача сереп берип, Дүйнөлүк банкка туруктуу өнүктүрүү жаатындагы максаттарга жетүүгө багытталган жемиштүү кызматташтык үчүн, ошондой эле статкомитеттин көптөгөн демилгелерин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Көп жылдар бою дүйнөлүк банк тарабынан тренингдерди өткөрүү жолу менен үй чарбаларын жана жумушчу күчүн иликтөө, кедейликти эсептөө, статистикалык потенциалды жогорулатуу боюнча туруктуу методологиялык колдоо жүзөгө ашырылууда. Интервью алуучулар жана супервайзерлер үчүн сурамжылоонун маалыматтарын чогултууну камсыз кылуу максатында Дүйнөлүк банк тарабынан кагаз сурамжылоодон электрондук форматка өтүү үчүн планшеттерди жана башка жабдуулар сатылып алынган.

"Сиздер билгендей, Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен Улутстаткомдун эң ири долбоору болуп саналган жана биз чоң үмүт артып жаткан салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо боюнча жаңы 5 жылдык долбоор ишке киргизилди. Долбоор бардык статистикалык процесстерди модернизациялоого (статистикалык маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга, жайылтууга) багытталган", - деп белгиледи Б.Кудайбергенов.

Ошондой эле ал Кыргызстанды эл жана турак жай фондун каттоонун аякташы менен куттуктады.

Өз кезегинде Дүйнөлүк Банктын кедейчилик жана бакубатчылык маселелери боюнча дүйнөлүк практиканын жетекчиси Салман Заиди Улутстаткомдун демилгелерин ар тараптан колдоого даяр экендигин билдирди. Заиди экономикалык өнүгүү (ЭГЕД) жана салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо үчүн натыйжалуу башкаруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

"Биринчи багытта интерактивдүү карта (геопортал) менен "Смарт-мониторинг" платформасын иштеп чыгуу боюнча көп иштер алдыда, анда айыл өкмөтүнүн деңгээлине чейин деталдаштыруу менен региондор боюнча маалыматтар берилет. Бул сиздерге региондордун өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет. Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо боюнча долбоор ишке ашыруунун активдүү фазасына кирет. Ири статистикалык иш-чараларды ишке ашырууну өзүнө алган эки тараптуу өнөктөштү аныктоо боюнча иш дээрлик аяктады. 2023-2024 - жылдарга карата аппараттык жана программалык камсыздоону сатып алуу үчүн тендердик документтерди иштеп чыгуу жана деталдуу долбоорлоону даярдоо боюнча компаниянын МКТ тандоо процесси башталды, бул долбоорду ишке ашырууда маанилүү этап болуп саналат", - деди Салман Заиди.

Жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

            

            

           

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 03.10.2022, 17:31